Окуучулар үчүн "Менин сүйүктүү Кыргызстаным" аттуу онлайн-акция өтөт. Шарты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын Эгемендүүлүк күнү. Архив
Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акция 27-августтан 1-сентябрга чейин өлкөдөгү мектептердин жана мектептен тышкары кошумча билим берүү уюмдарында окуган окуучулардын арасында өткөрүлөт.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүк майрамына карата окуучулар арасында "Менин сүйүктүү Кыргызстаным" аттуу республикалык онлайн-акция өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, иш-чаранын максаты — балдарды мекенин сүйүүгө жана аны менен сыймыктанууга үйрөтүү. Аларды патриоттуулукка тарбиялап, Кыргызстандын тарыхы, илим, маданият, салт-санаасы боюнча билимин тереңдетүү болуп саналат.

"Акция 27-августтан 1-сентябрга чейин өлкөдөгү мектептердин жана мектептен тышкары кошумча билим берүү уюмдарындагы окуучулардын арасында өткөрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Токтомаметов: мектептин баарын онлайнга өткөрбөй эркиндик бериш керек эле

Акциянын алкагында уюштурула турчу сынактар:

  • "Жүрөгүмдө Кыргызстан" республикалык интеллектуалдык сынак-викторинасы;
  • "Эмне? Кайда? Качан?" оюну. Бул оюн аралыктан уюштурулат;
  • Компьютердик плакаттардын "Менин сүйүктүү Кыргызстаным" республикалык сынагы;
  • Видеороликтердин "Менин сүйүктүү Кыргызстаным" республикалык онлайн-сынагы;
  • "Кыргызстандын келечеги балдарда!" бий марафону.

Аталган сынактардын баарынын жобосу министрликтин сайтында жайгаштырылган. Акциянын жыйынтыгы 1-2-сентябрда чыгарыла турганы кошумчаланды.

Маалымат үчүн байланыш телефондору: (312) 38 32 60, (312) 3I-58-47, 3I-58-74.

Жаңылыктар түрмөгү
0