Бир суткада коронавирус 128 адамдан чыгып, 234 бейтап ооруну жеңди

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкерлери. Архив
Лаборатория кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек, Ош шаарларында коронавирусту дарылап жаткан убактылуу күндүзгү жана түнкү стационарлардын бардыгы жабылды.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада 234 бейтап ооруну жеңсе, вирус кайра 128 адамдан табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек – 104;
  • Ош шаары – 10;
  • Чүй облусу – 20;
  • Ош облусу – 25;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 22;
  • Жалал-Абад облусу – 32;
  • Баткен облусу – 14.

Бир сутка ичинде коронавирус катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 18;
  • Ош – 3;
  • Чүй облусу – 12;
  • Ош облусу - 14;
  • Талас облусу - 6;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 24;
  • Жалал-Абад облусу – 27;
  • Баткен облусу - 21.

Бактыга жараша, өткөн суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок. 

Бүгүнкү күндө стационарда 810 бейтап дарыланууда. Ал эми амбулатордук дарылануудагылардын саны 4744 адам экени айтылды.  

Жалпысынан алганда өлкөдө 43 587 адамдан коронавирус табылса, анын ичинен 37 726 адам илдетти жеңген.

Жаңылыктар түрмөгү
0