Бишкек ЖЭБине барган премьер-министр Кубатбек Боронов

Боронов Бишкек ЖЭБдин иши менен таанышып, көмүр келе электигин сындады

(жаңыланган 11:25 28.08.2020)
Алдыдагы сезонго өтүү үчүн борбор калаанын ЖЭБине 1 миллион 110 миң тонна көмүр керек. Анын көбү жергиликтүү өндүрүштөн, калганы сырттан алынып келинет.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бишкек ЖЭБине барган премьер-министр Кубатбек Боронов көмүрдү сырттан ташып келүүгө катышкан мамлекеттик органдарды сынга алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы Бишкек жылуулук электр борборунун күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышкан. Ал калкты, анын ичинде социалдык жана башка объектилерди үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылуу — өкмөттүн артыкчылыктуу багыты экендигин белгилеген.

"Улуттук энергохолдинг" компаниясынын маалыматы боюнча, алдыдагы сезонго өтүү үчүн борбор калаанын ЖЭБине 1 миллион 110 миң тонна көмүр керек. Анын 760 миң тоннасы жергиликтүү өндүрүштөн, 350 миңи сырттан ташып келиниши керек. Кара-Кече көмүрүн жеткирүү иштери план боюнча аткарылып жатса, импорт отуну боюнча тендер жүрүп жатат.

Боронов импорттолуучу көмүрдү  ташып келүү боюнча тармактык мамлекеттик органдардын ишин сынга алган.

  • Премьер-министр Кыргызской Республики Кубатбек Боронов во время ознакомления с подготовкой к отопительному-зимнему периоду ТЭЦ в Бишкеке
    Бишкек ЖЭБине барган премьер-министр Кубатбек Боронов көмүрдү сырттан ташып келүүгө катышкан мамлекеттик органдарды сынга алды.
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Премьер-министр Кыргызской Республики Кубатбек Боронов во время ознакомления с подготовкой к отопительному-зимнему периоду ТЭЦ в Бишкеке
    Өкмөт башчы Бишкек жылуулук электр борборунун күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышкан.
    © Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 2
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Бишкек ЖЭБине барган премьер-министр Кубатбек Боронов көмүрдү сырттан ташып келүүгө катышкан мамлекеттик органдарды сынга алды.

"Импорт боюнча март-апрель айларында эле тендерлерди өткөрүп, келишимдерди түзүү иштери башталыш керек эле. Биз ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарга даяр туруп, аларды ыкчам чечүүбүз зарыл. Бишкек шаарынын тургундарын күз-кыш мезгилинде жылуулук менен камсыз кылууга энергетикалык объектилердин жетекчилери жооптуу", — деп Боронов тийиштүү жетекчилерге катуу эскертүү берген.

Премьер-министр Бишкек ЖЭБинин көмүр кампасы, диспетчердик пункту жана жүргүзүлүп жаткан пландуу оңдоо иштеринин жүрүшүн көргөн.

Баатырбеков: күз-кышта ооруканалардын жылуу болушуна өзгөчө көңүл бурулууда

Белгилүү болгондой, от казандарды жана турбогенераторлорду оңдоо белгиленген мөөнөтүндө аткарылып жатат.

"Оңдоо жумуштарынын мөөнөттөрүнө эле эмес, иштин сапатын да өзгөчө көңүл буруу керек. Кыш мезгилинде энергетикалык тутумга көп күч келерин эске алып, андан туруктуу өтүүнү камсыздоо үчүн белгиленген иштер дыкат жүзөгө ашырылууга тийиш", — деген өкмөт башчы.

Премьер-министр алдыдагы жылуулук сезонуна өтүүдө бир катар конкреттүү тапшырмаларды берген.

Белгилер:
даярдык, жылуулук, өкмөт башчы, Кубатбек Боронов, ЖЭБ
Тема боюнча
Газдаштырууну тездетели. Өкмөт Бишкектин абасын тазартуу жолдорун талкуулады

Сыймыкка бөлөгөн Айсулуудан тарта жанар тоонун атылышына чейин. Апта ирмеми

(жаңыланган 18:36 19.04.2021)
  • Алгачкы адамдын космоско учканынын 60 жылдыгынын урматына Санкт-Петербургда көрүүчүлөр Юрий Гагариндин портретинин проекциясын көрүп жатышат
  • Рамазан айынын алгачкы күнүндө мусулмандар Меккедеги чоң мечитте кечки намазын окуп жатышат
  • АКШнын Бруклин-Сентер шаарынын борборунда өткөн нааразычылык акциясынын катышуучулары полициянын унаасынын капотуна чыгып алышкан. 11-апрелде полиция кыз электрошокердин ордуна тапанчаны алмаштырып алып, кармоо учурунда каршылык көрсөткөн афроамерикалык жаранды атып салган. Бул окуяга нааразы болгондор көчөгө чыгышкан. Миннеаполистин мэри өзгөчө абал жана коменданттык саат киргизилгенин жар салды
  • 12-апрелде Санкт-Петербургда (Россия) 1861-жылы курулган Невская мануфактура имаратында ири өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоо жалмаган аянттын көлөмү 25 миң чарчы метр деп саналууда. Кырсыкты четтетүүдө бир өрт өчүрүүчү каза болуп, дагы үчөө жабыркаган. Өрт дээрлик төрт күндөн кийин толук өчүрүлгөн
  • Көркөмдөп сүзүү боюнча Aquabatix командасынын спортчу кыздары Лондондо коронавирустук чектөөлөр жеңилдетилгенден кийин кайра ачылган ачык бассейнде машыгып жатышат
  • Бразилиянын Энкантадо шаарында Иисустун айкелин тургузуп жатышат. 43 метрлик Христос-Куткаруучу Рио-де-Жанейродогу белгилүү Христостун айкелинен бир кыйла бийик болот
  • Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Алматыда өткөн Азия чемпионатын жеңип, төтүңчү ирет Азия чемпиону болду. Финалда ал монгол кызын 11:0 эсебинде таза артыкчылык менен утту
  • 15-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы кызыл зонада дарыланып жатышкан бейтаптардан кабар алды. Анын ичинде жандандыруу бөлүмүндө жаткан оор абалдагылардын абалын сурап, дарылануу шарттарын көрдү. Аягында өлкө башчысы дарыгерлер менен баарлашып, көйгөйлөрдү талкуулады
  • Россиянын Кемерово облусунун Шерегеш аймагындагы тоо-лыжа курортунда өткөн GrelkaFest фестивалынын алкагында купальникчендердин массалык жарышына катышкан кыз
  • Германиянын Дуйсбург шаарындагы зоопаркта мышык тукумдуу лемур эшиктен сыртты карап турат
  • Барселонада (Испания) өткөн silent disco сеансына катышкан кыз бийлеп жатат. Тынч бий деген ат менен кеңири популярдуулукка ээ боло баштаган сеанста катышуучулар кулакчындарын тагынып алышып, социалдык аралыкты сактоо менен бийлешет
  • Гвардиячылар Виндзор сепилиндеги ыйык Георгий чиркөөсүндө Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин жубайы ханзаада Филипптин сөөгү жашырылган табытты көтөрүп жүрүшөт. Ханзаада Филипп 9-апрелде 99 жашында каза болду
  • Токио Олимпиадасынын талисмандары Мирайва жана Сомэйти спорттук иш чарага 100 күн убакыт калганын белгилеген аземде. Токио Олимпиадасы коронавируска байланыштуу бир жылга жылдырылып, 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Бул иш-чара спорттун түрү (33) жана катергориясы (339) боюнча эң масштабдуу болушу керек
  • Исламабадда (Пакистан) чагылган чартылдаган учур
  • Тик учак Питон-де-ла-Фурнез жанар тоосу жанданган Инд океанынын Реюньон аралынын үстүнөн учуп өтүүдө
  • Индияда Кумбха Мела жөрөлгөсүндө адамдар Ганг дарыясына түшүп жатышат
  • 15-апрелде КРдин президенти Садыр Жапаровдун Instagram баракчасында кыргызстандык дарыгерлер COVID-19 илдетин башталгыч стадиясындагы 2-3 күндө айыктыра турган дарыны ойлоп тапканы боюнча билдирүү чыккан. Эртеси күнү саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл тамыры деген чөптүн кайнатмасын түз эфирде ичип көрсөттү. Аталган чөп тамырынын кайнатмасынын пайдасын көрсөткөн клиникалык изилдөөлөр жок экендигин белгилей кетүү керек. Ал турсун Кыргызстанда уу коргошунду дары катары пайдалангандар арасында өлгөндөр болгон
  • Индонезиянын Бали шаарында өткөн Галунган диний фестивалында кыздар чалынган курмандыктарды алып бара жатышат.
Sputnik Кыргызстан өткөн аптадагы эң кызыктуу жана маанилүү окуяларды чагылдырган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

12-апрелде Юрий Гагариндин космоско учкан күнүнө 60 жыл толду.

Дүйнө мусулмандары ыйык Рамазан айынын башталышын белгилешти.

АКШнын Бруклин-Сентер шаарында полиция кыз электрошокердин ордуна тапанчаны алмаштырып алып, кармоо учурунда каршылык көрсөткөн афроамерикалык жаранды атып алган окуя боюнча нааразычылык акциясы өттү. Миннеаполистин мэри Өзгөчө абал жана коменданттык саат киргизилгенин жар салды.

Санкт-Петербургда (Россия) ири өрт кырсыгы катталды. Натыйжада 1861-жылы курулган "Невская мануфактура" имаратынын бардык алты өндүрүш кабаттарын тилсиз жоо жалмаган. Бир өрт өчүрүүчү каза болуп, дагы үчөө жабыркаган.

Бразилиянын Энкантадо шаарында Иисустун айкелин тургузганы жатат. Ал Христостун Рио-де-Жанейродогу белгилүү айкелинен бир кыйла бийик болору айтылат.

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча төртүнчү ирет Азия чемпиону болду. Алматыда өткөн мелдештин финалында ал монгол кызын таза артыкчылык менен утту.

Барселонада (Испания) silent disco сеансы кеңири популярдуулукка ээ боло баштады. Анда кулакчындарын тагынып алышкан катышуучулар социалдык аралыкты сактоо менен бийлешет.

Россиянын Кемерово облусунун Шерегеш аймагындагы тоо-лыжа курортунда "GrelkaFest" фестивалынын алкагында купальникчендердин массалык иш чарасы өттү.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы кызыл зонада дарыланып жатышкан бейтаптардан кабар алды. Анын ичинде жандандыруу бөлүмүндө жаткан оор абалдагылардын абалын сурап, дарылануу шарттарын көрдү.

Лондондо Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин жубайы, ханзаада Филипп 99 жашында каза болду.

Японияда Токио Олимпиадасынын башталышына 100 күн калганын эсепке алган иш-чара башталды.

Индияда "Кумбха Мела" аталышындагы массалык жөрөлгө өттү. Анын жүрүшүңдө адамдар Ганг дарыясына түшүшөт.

Инд океанындагы Реюньон аралында Питон-де-ла-Фурнез жанар тоосу жанданды.

КРдин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Ысык-Көл тамыры" деген чөптүн кайнатмасын түз эфирде ичип көрсөттү. Анын айтымында, ал COVID-19 илдетин башталгыч стадиясында 2-3 күндө сакайтат. Буга чейин КРде бул уу коргошунду дары катары пайдалангандар арасында өлгөндөр болгон.

Балиде (Индонезия) Галунган диний майрамы белгиленди.

 

  • Алгачкы адамдын космоско учканынын 60 жылдыгынын урматына Санкт-Петербургда көрүүчүлөр Юрий Гагариндин портретинин проекциясын көрүп жатышат
    © REUTERS / ANTON VAGANOV

    Алгачкы адамдын космоско учканынын 60 жылдыгынын урматына Санкт-Петербургда көрүүчүлөр Юрий Гагариндин портретинин проекциясын көрүп жатышат

  • Рамазан айынын алгачкы күнүндө мусулмандар Меккедеги чоң мечитте кечки намазын окуп жатышат
    © AFP 2021

    Рамазан айынын алгачкы күнүндө мусулмандар Меккедеги чоң мечитте кечки намазын окуп жатышат

  • АКШнын Бруклин-Сентер шаарынын борборунда өткөн нааразычылык акциясынын катышуучулары полициянын унаасынын капотуна чыгып алышкан. 11-апрелде полиция кыз электрошокердин ордуна тапанчаны алмаштырып алып, кармоо учурунда каршылык көрсөткөн афроамерикалык жаранды атып салган. Бул окуяга нааразы болгондор көчөгө чыгышкан. Миннеаполистин мэри өзгөчө абал жана коменданттык саат киргизилгенин жар салды
    © Sputnik / Крис Джун

    АКШнын Бруклин-Сентер шаарынын борборунда өткөн нааразычылык акциясынын катышуучулары полициянын унаасынын капотуна чыгып алышкан. 11-апрелде полиция кыз электрошокердин ордуна тапанчаны алмаштырып алып, кармоо учурунда каршылык көрсөткөн афроамерикалык жаранды атып салган. Бул окуяга нааразы болгондор көчөгө чыгышкан. Миннеаполистин мэри өзгөчө абал жана коменданттык саат киргизилгенин жар салды

  • 12-апрелде Санкт-Петербургда (Россия) 1861-жылы курулган Невская мануфактура имаратында ири өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоо жалмаган аянттын көлөмү 25 миң чарчы метр деп саналууда. Кырсыкты четтетүүдө бир өрт өчүрүүчү каза болуп, дагы үчөө жабыркаган. Өрт дээрлик төрт күндөн кийин толук өчүрүлгөн
    © REUTERS / ANTON VAGANOV

    12-апрелде Санкт-Петербургда (Россия) 1861-жылы курулган "Невская мануфактура" имаратында ири өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоо жалмаган аянттын көлөмү 25 миң чарчы метр деп саналууда. Кырсыкты четтетүүдө бир өрт өчүрүүчү каза болуп, дагы үчөө жабыркаган. Өрт дээрлик төрт күндөн кийин толук өчүрүлгөн

  • Көркөмдөп сүзүү боюнча Aquabatix командасынын спортчу кыздары Лондондо коронавирустук чектөөлөр жеңилдетилгенден кийин кайра ачылган ачык бассейнде машыгып жатышат
    © REUTERS / John Sibley

    Көркөмдөп сүзүү боюнча Aquabatix командасынын спортчу кыздары Лондондо коронавирустук чектөөлөр жеңилдетилгенден кийин кайра ачылган ачык бассейнде машыгып жатышат

  • Бразилиянын Энкантадо шаарында Иисустун айкелин тургузуп жатышат. 43 метрлик Христос-Куткаруучу Рио-де-Жанейродогу белгилүү Христостун айкелинен бир кыйла бийик болот
    © AFP 2021 / SILVIO AVILA

    Бразилиянын Энкантадо шаарында Иисустун айкелин тургузуп жатышат. 43 метрлик Христос-Куткаруучу Рио-де-Жанейродогу белгилүү Христостун айкелинен бир кыйла бийик болот

  • Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Алматыда өткөн Азия чемпионатын жеңип, төтүңчү ирет Азия чемпиону болду. Финалда ал монгол кызын 11:0 эсебинде таза артыкчылык менен утту
    © Фото / UWW / Sachiko HOTAKA

    Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Алматыда өткөн Азия чемпионатын жеңип, төтүңчү ирет Азия чемпиону болду. Финалда ал монгол кызын 11:0 эсебинде таза артыкчылык менен утту

  • 15-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы кызыл зонада дарыланып жатышкан бейтаптардан кабар алды. Анын ичинде жандандыруу бөлүмүндө жаткан оор абалдагылардын абалын сурап, дарылануу шарттарын көрдү. Аягында өлкө башчысы дарыгерлер менен баарлашып, көйгөйлөрдү талкуулады
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    15-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы кызыл зонада дарыланып жатышкан бейтаптардан кабар алды. Анын ичинде жандандыруу бөлүмүндө жаткан оор абалдагылардын абалын сурап, дарылануу шарттарын көрдү. Аягында өлкө башчысы дарыгерлер менен баарлашып, көйгөйлөрдү талкуулады

  • Россиянын Кемерово облусунун Шерегеш аймагындагы тоо-лыжа курортунда өткөн GrelkaFest фестивалынын алкагында купальникчендердин массалык жарышына катышкан кыз
    © Sputnik / Александр Кряжев

    Россиянын Кемерово облусунун Шерегеш аймагындагы тоо-лыжа курортунда өткөн "GrelkaFest" фестивалынын алкагында купальникчендердин массалык жарышына катышкан кыз

  • Германиянын Дуйсбург шаарындагы зоопаркта мышык тукумдуу лемур эшиктен сыртты карап турат
    © AP Photo / Martin Meissner

    Германиянын Дуйсбург шаарындагы зоопаркта мышык тукумдуу лемур эшиктен сыртты карап турат

  • Барселонада (Испания) өткөн silent disco сеансына катышкан кыз бийлеп жатат. Тынч бий деген ат менен кеңири популярдуулукка ээ боло баштаган сеанста катышуучулар кулакчындарын тагынып алышып, социалдык аралыкты сактоо менен бийлешет
    © AP Photo / Emilio Morenatti

    Барселонада (Испания) өткөн silent disco сеансына катышкан кыз бийлеп жатат. "Тынч бий" деген ат менен кеңири популярдуулукка ээ боло баштаган сеанста катышуучулар кулакчындарын тагынып алышып, социалдык аралыкты сактоо менен бийлешет

  • Гвардиячылар Виндзор сепилиндеги ыйык Георгий чиркөөсүндө Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин жубайы ханзаада Филипптин сөөгү жашырылган табытты көтөрүп жүрүшөт. Ханзаада Филипп 9-апрелде 99 жашында каза болду
    © AP Photo / Arthur Edwards

    Гвардиячылар Виндзор сепилиндеги ыйык Георгий чиркөөсүндө Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин жубайы ханзаада Филипптин сөөгү жашырылган табытты көтөрүп жүрүшөт. Ханзаада Филипп 9-апрелде 99 жашында каза болду

  • Токио Олимпиадасынын талисмандары Мирайва жана Сомэйти спорттук иш чарага 100 күн убакыт калганын белгилеген аземде. Токио Олимпиадасы коронавируска байланыштуу бир жылга жылдырылып, 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Бул иш-чара спорттун түрү (33) жана катергориясы (339) боюнча эң масштабдуу болушу керек
    © REUTERS / POOL

    Токио Олимпиадасынын талисмандары Мирайва жана Сомэйти спорттук иш чарага 100 күн убакыт калганын белгилеген аземде. Токио Олимпиадасы коронавируска байланыштуу бир жылга жылдырылып, 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Бул иш-чара спорттун түрү (33) жана катергориясы (339) боюнча эң масштабдуу болушу керек

  • Исламабадда (Пакистан) чагылган чартылдаган учур
    © AFP 2021 / AAMIR QURESHI

    Исламабадда (Пакистан) чагылган чартылдаган учур

  • Тик учак Питон-де-ла-Фурнез жанар тоосу жанданган Инд океанынын Реюньон аралынын үстүнөн учуп өтүүдө
    © AFP 2021 / RICHARD BOUHET

    Тик учак Питон-де-ла-Фурнез жанар тоосу жанданган Инд океанынын Реюньон аралынын үстүнөн учуп өтүүдө

  • Индияда Кумбха Мела жөрөлгөсүндө адамдар Ганг дарыясына түшүп жатышат
    © REUTERS / DANISH SIDDIQUI

    Индияда "Кумбха Мела" жөрөлгөсүндө адамдар Ганг дарыясына түшүп жатышат

  • 15-апрелде КРдин президенти Садыр Жапаровдун Instagram баракчасында кыргызстандык дарыгерлер COVID-19 илдетин башталгыч стадиясындагы 2-3 күндө айыктыра турган дарыны ойлоп тапканы боюнча билдирүү чыккан. Эртеси күнү саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл тамыры деген чөптүн кайнатмасын түз эфирде ичип көрсөттү. Аталган чөп тамырынын кайнатмасынын пайдасын көрсөткөн клиникалык изилдөөлөр жок экендигин белгилей кетүү керек. Ал турсун Кыргызстанда уу коргошунду дары катары пайдалангандар арасында өлгөндөр болгон
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов

    15-апрелде КРдин президенти Садыр Жапаровдун Instagram баракчасында кыргызстандык дарыгерлер COVID-19 илдетин башталгыч стадиясындагы 2-3 күндө айыктыра турган дарыны ойлоп тапканы боюнча билдирүү чыккан. Эртеси күнү саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Ысык-Көл тамыры" деген чөптүн кайнатмасын түз эфирде ичип көрсөттү. Аталган чөп тамырынын кайнатмасынын пайдасын көрсөткөн клиникалык изилдөөлөр жок экендигин белгилей кетүү керек. Ал турсун Кыргызстанда уу коргошунду дары катары пайдалангандар арасында өлгөндөр болгон

  • Индонезиянын Бали шаарында өткөн Галунган диний фестивалында кыздар чалынган курмандыктарды алып бара жатышат.
    © REUTERS / ANTARA FOTO

    Индонезиянын Бали шаарында өткөн Галунган диний фестивалында кыздар чалынган курмандыктарды алып бара жатышат.

Белгилер:
апта, окуя, Дүйнө, сүрөт, башаламандык, фестиваль, лыжа
Тема боюнча
Купальникчен лыжа тепкен сулуулар. Сочидеги фестивалдан укмуштуу сүрөттөр
Мектептеги класс. Архив

Эки окуучудан COVID-19 табылды. Ошто №20 мектеп карантинге жабылды

(жаңыланган 17:41 19.04.2021)
Окуучулар коронавирус жуктуруп алгандыгына байланыштуу мектеп эки жумага жабылды. Буга чейин дагы бир нече билим берүү мекемеси онлайн форматка өткөн.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы №20 мектеп-гимназиясынын эки окуучусунан COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган мектеп 19-апрелде эки жумалык карантинге жабылып, сабактар онлайн өтүлө баштайт.

Эске салсак, 13-апрелде калаанын "Олимп" жана "Жетиген" мектептеринде да эки окуучу илдетке кабылган. Алар бир туугандар болуп, коронавирус аларга энесинен жуккандыгы аныкталган.

Мындан улам алар менен байланышта болгондордон анализ алынып, мектептер онлайн режимге өткөн.

Белгилер:
коронавирус, билим берүү, мектеп, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкекте дагы үч мектеп аралыктан окууга өттү
Мугалим COVID жугузуп алган. Бишкектеги №67 мектеп карантинге жабылды