Кайра көбөйүп жатат! Бир суткада 7 медик коронавирус илештирип алды

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошол эле учурда ооруканада дарыланып жаткан ак халатчандардын ичинен өткөн суткада төртөө айыгып чыккан. Ал эми үй карантининен 11 медик сакайган.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бир сутка ичинде жети медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Эске салсак, буга чейин COVID жуктурган медиктердин саны азайып бараткан.

Бир суткада коронавирус жуктурган медицина кызматкерлери:

  • Бишкек шаары — 1;
  • Чүй облусу — 1;
  • Баткен облусу — 2;
  • Жалал-Абад облусу — 3.

Ошол эле учурда ооруканада дарыланып жаткан ак халатчандардын ичинен өткөн суткада төртөө айыгып чыккан. Ал эми үй карантининен 11 медик сакайган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасынан 3 123 учур катталып, анын 2 424ү жакшы болуп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0