Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев

Министрлик: коронавирус басаңдай элек, күрөштү токтотуу али эрте!

70
Министрдин орун басарынын айтымында, аймактардагы ооруканаларда вирустан дарыланып жаткандардын аягы сууй элек.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус өлкөдө мизин кайтара электигин айтып, ар бир жаран санитардык талаптарды таштап салбай аткарып туруш керектигин эскертти.

Министрдин орун басарынын айтымында, аймактардагы ооруканаларда вирустан дарыланып жаткандардын аягы сууй элек.

"Оору менен күрөш бүтө элек, бейтаптарды дарылап жатабыз. Вирус эл арасында дагы эле жайылууда. Жүргүзгөн байкоолорго ылайык, азыр бет кап тагынуу режими бузулуп бара жатат. Ага кайдыгер мамиле кылбай, ар бир адам жарандык милдетин аткарышы керек. Санитардык талаптарга да көңүл бурбагандар көбөйдү. Күрөштү токтотуу али эрте. Биз айткан кеңештерди угуп койгула!" — деди Үсөнбаев.

Ал коңшу мамлекеттерде той-аш өткөргөндөргө катуу чаралар көрүлүп жатканын да айтып, элди сак болууга үндөдү.

Жалпысынан алганда өлкөдө 43 587 адамдан коронавирус табылса, анын ичинен 37 726 адам илдетти жеңген. Тилекке каршы, оору 1058 адамдын өмүрүн алды.

70
Белгилер:
коронавирус, оору, эскертүү, министрлик, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2250)
Тема боюнча
Кайра көбөйүп жатат! Бир суткада 7 медик коронавирус илештирип алды
Тейлөө кызматкерлер жолду белгилөө учурунда. Архив

Кырсыктарды алдын алуу үчүн Алматыда өзгөчө жол белгисин чийүү пландалууда

9
(жаңыланган 13:36 27.09.2020)
Шаардык административдик полиция башкармалыгынын жетекчиси Жандос Мураталиев кызыл түстөгү жол чийин айдоочулардын көңүлүн өзүнө бурат деп эсептейт.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Алматы шаарында авариялык кооптуу делген жерлерге кызыл түстөгү жол белгисин чийүү пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Шаардык административдик полиция башкармалыгынын жетекчиси Жандос Мураталиевдин айтымында, жол белгилерин чийүүдө азыр ар кандай инновациялык материалдар колдонулууда. Ошондой эле ак, сары, жашыл, кара сыяктуу ар кандай түстөр да кеңири пайдаланыла баштаган. Бирок натыйжаны күчөтүү максатында кызыл түстү да колдонуп көрүү каралууда.

"Кызыл түстөгү чийин — айдоочулардын көңүлүн буруудагы эң натыйжалуу ыкма", — деди Мураталиев.

Кызыл жол чийинин шаардагы кооптуу делген жерлерге колдонуу пландалып жатканы кошумчаланды.

9
Белгилер:
коопсуздук, кырсык, жол чийин, Алматы
Тема боюнча
Жолдун экинчи катарынан кайсы учурда кайрылса болот? Айдоочуга кулак кагыш
Манас эл аралык аэропортундагы узун кезеги

"Манас" аэропортундагы узун кезек. Жүргүнчү бүгүнкү окуяны сүрөттөдү

218
(жаңыланган 13:47 27.09.2020)
Аэропорттун маалымат катчысы Алия Курбанова "бир эле эшиктен киргизип-чыгарып жатат" деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунда бүгүн эртең менен жүргүнчүлөрдүн узун кезеги жаралды. Бул тууралуу Facebook баракчасынын "Кара тизме" тайпасына Черик Сыдыков аттуу колдонуучу жазды.

"27-сентябрь. "Манас" аэропорту. Бул жакта башаламандык орун алды. Бир эле эшик ачык. Аэропортко ушул эле эшик менен киргизип-чыгарып жатышат. "1,5 аралыкты сактагыла" дейт. Бир жакка учуп кетчүлөр болсо, аэропортко эртерээк келгиле. Болбосо учакка жетишпей калышыңар ыктымал", — деди Сыдыков.

Ал эми аэропорттун маалымат катчысы Алия Курбанова "бир эле эшиктен киргизип-чыгарып жатат" деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

"Терминалда кирип-чыгуу үчүн өз-өзүнчө эшиктер бар. Ошол эле учурда аэропортко билети бар, бет кап тагынган, уча турчу жүргүнчүлөр гана киргизилет. Алар дезинфекциялоочу тоннелдер аркылуу өтөт. Бул иш-аракеттин баары коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө. Биз адамдарды аралыкты сактоого чакырып жатабыз. Бирок аны баары эле аткарган жок. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү коштоп келгендер да кезекке туруп алган учурлар катталып жатат", — деди Курбанова.

"Манас" эл аралык аэропорту бардык жүргүнчүлөрдү жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерге түшүнүү менен мамиле кылуусун суранып, уча турчуларды аэропорттун аймагына эртерээк келүүгө чакырды.

218
Белгилер:
коронавирус, видео, кезек, аэропорт, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Өзбек авиакомпаниясы Бишкекке каттамдарын 1-октябрдан тарта көбөйтөт