Манас ордени. Архив

Мамбет Мамакеев, Омор Султанов баштаган залкарларга Манас ордени ыйгарылды. Тизме

159
(жаңыланган 14:04 28.08.2020)
Мамлекет башчы Көз карандысыздык күнүнө карата "КР мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишмердүүлүгүндө чоң жетишкендиктери үчүн бир катар инсандарга жогорку даражалуу сыйлыктарды ыйгарат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Кыргызстандын Көз карандысыздыгы күнүнө карата "КР мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, I даражадагы Манас ордени менен Иса Ахунбаев атындагы КММАнын госпиталдык педиатрия кафедрасынын башчысы, КР Улуттук илимдер академиясынын академиги Дүйшө Кудаяров сыйланат.

Ал эми II даражадагы Манас ордени Иса Ахунбаев атындагы КММАнын госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору, КР Улуттук илимдер академиясынын академиги Мамбет Мамакеевге ыйгарылат. Ошондой эле бул сыйлык акын, коомдук ишмер Омор Султановго да берилет.

Андан кийинки сапта турган III даражадагы Манас орденин коомдук ишмер Кемел Ашыралиев алат.

Жээнбеков COVID менен күрөшкөн 90 кызматкерге мамлекеттик сыйлык ыйгарды. Тизме

Даңк медалы төрт адамга тапшырылат:

  • Салия Жолдошева — пенсионер;
  • Мамыржан Рахимов — Баткен шаарынын мэри;
  • Ахмаджон Рахимов — Кара-Суу балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин эркин күрөш боюнча машыктыруучусу;
  • Рая Султаналиева — Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча проректору.
159
Белгилер:
жарлык, сыйлык, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Өкмөт өзгөчөлөнгөн дарыгерлерди Ардак грамота менен сыйлады. Тизме
Баткен облусунун башчысы медиктерди эс алууга жиберип, 5000 сомдон берди
Бишкек мэриясынын имараты. Архивдик сүрөт

Бишкекке сүйүү жана камкордук жетпей... Мэрия элге кайрылды

18
(жаңыланган 19:13 24.09.2020)
Бүгүнкү күндө Бишкекте салык төлөп, продукция чыгарып, өндүрүш менен алектенип, элге кызмат көрсөткөн 72 миң ишкана бар.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы ишкерлер менен уюмдарга калааны көрктөндүрүп, тазалап, өз үйүндөй мамиле кылуу өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу аталган муниципалитеттен кабарлашты.

Бүгүнкү күндө Бишкекте салык төлөп, продукция чыгарып, өндүрүш менен алектенип, элге кызмат көрсөткөн 72 миң чарба субъектилери бар.

Бишкекти кантип кулпуртса болот? Жаңы мэр Азиз Суракматов менен маек

"Бирок биздин шаарга камкордук, аярлап жана сүйүү менен жасалган мамиле жетишпейт. Урматтуу тургундар, сиздер павильон коюп, кеңселерди, банктарды ачып жатасыздар. Көп кабаттуу үйлөрдү куруп, бизнес-борборлор тургузулууда. Эмне үчүн өзүңүз иштеткен павильондун жана көп кабаттуу үйдүн жанын гүлдөтүп коюуга болбосун? Жакшынакай отургучту орнотуп, таштанды челек коюп... Бишкекке аяр мамиле кылып, бир чымчым сүйүү арнап коюңуздарчы...", — деген суроо берген мэрия.

Бишкекте жашылдандыруу тартиби боюнча ишканалар, мекемелер, уюмдар, чарба субъектилери, көп кабаттуу турак жайлардын ээлери, үйлөрдүн кожоюндары жанындагы тилкелерди жашылдандырганга милдеттүү. Же аны карап, иретке келтиргенге киши жалдашы керек. Ал эми жанындагы тилке катары тиешелүү жерден 10 метр аралыктагы аймак эсептелет.

Жайы-кышы жапжашыл болгон өсүмдүктөр. Бишкекте жаңы сквер пайда болду. Сүрөттөр

Бул деген ар дайым "өзүнүн жерин" кышында таштандыдан, кардан жана улам тамчы тама берип чокмороктошуп калган муздан тазалап туруш керек дегендик. Жайында сугарып, чөбүн чаап, бак-дарактарды иретке келтирүү зарыл.

18
Белгилер:
отургуч, таштанды, гүл, Бишкек мэриясы, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Озокеева: көп кабаттуу үйдө турак жай ээлеринин шериктиги болушу керек

Бишкек: түрттүрүлө турган легендарлуу "Ак куланын" азыркы көрүнүшү. Видео

44
(жаңыланган 19:21 24.09.2020)
Сентябрдын башында ипподромдун имаратынын начар акыбалынан улам республикалык маанидеги тарыхый архитектуралык эстелик макамын жоготкону жана аны түрттүрүү боюнча чечим кабыл алынган. Окурмандар бул видеодон ири спорттук-ат оюндары өткөн легендарлуу жайды көрө алат.

Айтмакчы, жаңы аренанын долбооруна тендер жарыяланган. Шаар бийлиги архитекторлорду, дизайнерлерди, конструкторлорду жана долбоорчуларды жарыяланган сынакка катышууга чакырып жатат. Мэриядан учурда ат майдан авариялык абалда деп бааланып жаткандыгын айтышты.

Кайран "Нарын"! Чаң арасында калып... ресторан түрттүрүлө баштаган видео

Маалымат кызматы киши отурчу жерлердин санын көбөйтүп, ат майданды реставрация жана реконструкция кылууга мүмкүн эместигин түшүндүрүп берди. Сентябрдын башында өкмөт ипподромдун имаратынын начар акыбалынан улам республикалык маанидеги тарыхый архитектуралык эстелик макамын жоготкону жана аны түрттүрүү боюнча чечим кабыл алган. Ордуна жаңысын тургузуу пландалып жатат.

  • Вид на ипподром Ак-Кула в Бишкеке, где проводились конноспортивные игры
    Сентябрдын башында ипподромдун имаратынын начар акыбалынан улам республикалык маанидеги тарыхый архитектуралык эстелик макамын жоготкону жана аны түрттүрүү боюнча чечим кабыл алынган.
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков
  • Вид на ипподром Ак-Кула в Бишкеке, где проводились конноспортивные игры
    Азыркы ипподром 1947-жылы салынган.
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков
  • Вид на ипподром Ак-Кула в Бишкеке, где проводились конноспортивные игры
    Ал спорттук - ат оюндары өткөн бирден бир ири аянтча болгон.
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков
  •  Вид на ипподром Ак-Кула в Бишкеке, где проводились конноспортивные игры
    Долбоордун автору беларуссиялык архитектор Владимир Нусов болгон.
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков
1 / 4
© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Сентябрдын башында ипподромдун имаратынын начар акыбалынан улам республикалык маанидеги тарыхый архитектуралык эстелик макамын жоготкону жана аны түрттүрүү боюнча чечим кабыл алынган.

Азыркы ипподром 1947-жылы салынган. Ал спорттук - ат оюндары өткөн бирден бир ири аянтча болгон. Долбоордун автору беларуссиялык архитектор Владимир Нусов болгон. Ал кыргыздардын маданий өзгөчөлүгүн чагылдырган жана мезгилге үндөш имарат кургусу келген.

Ачылгандан кийин ипподромго кызыгуу артып, ат оюндарын өнүктүрүү үчүн ипподромдун алдында мектеп, ветеринардык жай жана жатакана ачылган. 2000-жылдын башында республикалык маанидеги тарыхый жана маданий архитектуралык эстеликтердин мамлекеттик тизмесине киргизишкен. Ипподром Бишкек шаарындагы Термечиков, 1 дарегинде жайгашкан. Башкы планга ылайык, ал жер кайтаруудагы № 43 аймакка кирет.

Бишкектеги "Ак кула" ат майданы кантип жаңыланат? Эскиз

"Ак кула" ипподрому улуттук спорттук ат оюндарынын бардык түрлөрүн жана спорттук мелдештерди (республикалык жана эл аралык) өткөрүүгө ылайыкталган. Анын аймагында ат чуркай турган ипподром талаасы жана машыга турган жерлер бар. Былтыр шаар бийлиги ат майданды оңдоп-түзөө зарылдыгын айтышты. 2020-жылы ипподромдун имаратынын начар акыбалынан улам республикалык маанидеги тарыхый архитектуралык эстелик макамын жоготту деп таанышкан. Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун бүтүмүндө "кире бериштеги аркалар жана трибунадагы негизги имарат жана бир катар жайлар советтик архитектуранын образын берип турат", бирок "башкы фасад кеч жасалгалангандыктан эстеликтин баштапкы көрүнүшүн бузуп койгон", ал эми "имараттын бир топ конструкциялары кулай турган абалга жеткен" деп айтылган.

Шаар бийлиги бул жайды түрттүрүп салып, ордуна спорттук жаңы комплекс тургузарын билдирди.

44
Белгилер:
сынак, долбоорлор, түрттүрүү, "Ак-Кула" ат майданы, Бишкек
Тема боюнча
Ушунуңар уят эмеспи! Көк бөрү күйөрмандары жана ат майдандагы таштанды. Сүрөт

БУУнун Коопсуздук кеңешин кеңейтүү... Тынчтыкты сактоо үчүн эмнесин калтыруу зарыл?

0
БУУга мүчө-өлкөлөрдүн лидерлери уюмду жаңылоодо. Башкы ассамблеянын мааракелик отурумунда реформалоо боюнча бир нече сунуш түштү.

Быйыл Бириккен Улуттар Уюмуна 75 жыл толду. Ага мүчө-өлкөлөр бир катар жерлерин өзгөртүүнү чечишти. Дүйнө башкача боло баштады, түзүм өзгөрдү. Эмне болгон күндө да, өзгөрүү баары бир жакшы жакка алып бара турган ыңгайлуу учур. Маселен, Владимир Путин вето укугун сактоону сунуштады. Дүйнөдө туруктуулукту сактоо эмне үчүн маанилүү деген суроого төмөнкү видеодон жооп алууга болот.

0
Белгилер:
Владимир Путин, БУУнун Башкы Ассамблеясы, БУУ, Россия
Тема боюнча
Путин: БУУ бир орунда катып калбай, заманга ылайыкташуусу керек