Өкмөт башчы Кара-Кече кенине барчу жолду тез арада ачууну тапшырды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Кубатбек Боронов
Премьер-министр Кубатбек Боронов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин катуу жааган жаан-чачындан улам Дыйкан — Кара-Кече унаа жолунун тилкесине таш кулап, кен казуучу жайга бара турчу жер жабылган.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов Дыйкан айылы менен Кара-Кече кенинин ортосундагы убактылуу жолду ачууну кыска мөөнөттө чечүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Премьер аталган маселе боюнча кеңешме өткөргөн. Анда Транспорт жана жолдор министрлигине Кара-Кече көмүр кенинен көмүр ташууну өз учурунда камсыздоо үчүн унаа каттамын тезирээк калыбына келтирүү тапшырылган.

Боронов "Ак-Жол" чек ара пункту кандай оңдолуп жатканын көрүп келди. Сүрөт

Мындан тышкары, "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясына аз убакытта көмүр кенине электр энергиясын берүүчү түркүктөрдү калыбына келтирүү тапшырмасы коюлганы айтылды.

Эске сала кетсек, жакын арада эле жааган жаан-чачындан улам Дыйкан — Кара-Кече унаа жолунун тилкесине таш кулап, 300 миң метр куб көлөмүндөгү шиленди пайда болгон. Анын кесепетинен электр түркүктөрү жабыркап, Кара-Кече көмүр кенинин борбордук кен казуучу жериндеги жол жабылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0