Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековТалас облустагы тоолор. Архив
Талас облустагы тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктер 29-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөй турганын маалымдашты. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Ишемби күнү, 29-августта, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу жерлерде кар жаайт. Ал эми өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас, Нарын жергесинде +21...+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көл аймагында +19...+24 градус болору айтылды.

Суук түшпөйбү? Күздүн биринчи айы сентябрга карата аба ырайы

Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +27...+29, Ошто +30...+32, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0