Рак менен ооругандарга дары сатып алуу боюнча кезектеги тендер өттү

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүДарыканалардын биринде дары-дармектер. Архив
Дарыканалардын биринде дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апрель айында мамлекет онкологиялык оорулуулар үчүн 160 миллион сом бөлгөн. Министрлик андан бери бир нече тендер өткөрүлгөнүн айтат.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги онкологиялык илдети барларды дарылоо үчүн дары-дармек сатып алуу боюнча тендер өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Препараттар Улуттук онкология жана гематология борборуна, Ош облустар аралык наркология борборуна жана Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына берилмекчи.

Чоңдор үчүн дары-дармектердин тизмесине 46 түрдөгү каражат кошулуп, ага 100 миллион сом жумшоо пландалган. Тендердин жыйынтыгында дарынын 36 түрү 52,4 миллион сомго алынды. Алар жакында Кыргызстанга алып келинет. Эми калган 47,6 миллионго дагы 44 түрдөгү дары сатып алуу боюнча кайрадан тендер жарыяланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Исмаилова: эмдиги жумада балдар онкологиясына зарыл болгон дарылар келет

Буга чейин өкмөт тарабынан балдар онкологиясын дарылоо үчүн 60 миллион сом бөлүнгөн. Анын 35 миллион сомуна 37 түрдөгү дары сатып алуу үчүн тендер жарыяланып, 15 миллионуна келишим түзүлгөн. Учурда товарлар өлкө аймагына жеткирилип жатат. Калган кажаратка дагы 57 түрдөгү дары-дармек сатып алуу үчүн кайталап сынак уюштурулганы турат.

Ошондой эле министрликтин Байкоочу кеңешинин чечими менен Улуттук онкология жана гематология борбору (42 миллион сомго) менен Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында  дарыланчу балдарга кан компоненттери (500 миң сомго) сатып алынмак болду. Ал Республикалык кан борборунан алынып, акчасы ошол учурларда төлөнөт.

Онколог суунун ичеги-карынга тийгизген пайдасын айтты

Мындан тышкары, министрлик Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилековдун сөзүнө таянып, химиотерапия бөлүмүндө дарылануу акысыз экенин эске салды.

"Өкмөт тарабынан 160 миллион сом бөлүнгөн. Тендерлер өткөрүлүп, дары-дармек келе баштады. Андыктан бул бөлүмдө дарылынуу акысыз", — деген Тилеков.

Эске салсак, апрель айында эле мамлекет онкологиялык оорулуулар үчүн 160 миллион сом бөлгөн. Ал эми июлда ошол учурудагы вице-премьер Аида Исмаилова онкологиялык оорусу бар балдар үчүн зарыл дары-дармектер, анын ичинде учурда өлкөнүн дарыканаларында жок препараттар бир аптанын ичинде келерин айткан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0