Гүлжигит Алыкулов: голума абдан сүйүндүм, бирок дараметимди толук ача элекмин

© Facebook / ФК "Кайрат"Полузащитник ФК «Кайрат» Гулжигит Алыкулов
Полузащитник ФК «Кайрат» Гулжигит Алыкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын "Кайрат Алматы" клубунун жарым коргоочусу, кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов УЕФАнын Европа лигасы мелдешиндеги дебюттук оюнунда гол киргизди. Команда турнирдин кийинки баскычына чыкты.

Гүлжигит Алыкулов УЕФА мелдештеринде гол киргизген алгачкы кыргызстандык футболчу болуп калды. Футболчу киргизген голу, эмоциясы, максаттары тууралуу айтып, Sputnik кабарчысы менен маектешти.

— Гүлжигит, Европа Лигасы мелдешиндеги "Ноа" клубуна каршы беттештеги дебюттук оюнда эле гол киргиздиңиз, куттуктайм! Кандайча ишке ашырдыңыз?

— Куттуктоого рахмат! Футболчу оюн учурунда чабуулда, өзгөчө кооптуулукту жаратуучу абалда эң оболу өзүнө ишениши керек. Антпесе тепкен тобу жетпей, түз кетпей калып, өзүнүн дараметин 100 пайыз көрсөтө албай калат. Мен "Кайрат" клубунун курамында алты оюн ойноп, командага көнүп, өзүмө ишенип калдым. Даярдык жакшы болду. Ошон үчүн гол киргизе алдым.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от SPORTS.KZ (@kzsports)

— Капталдан чалууга кирип келе жатканда атаандаштын айып аянтында сиздин бир топ өнөктөштөр да мыкты позицияда турган болчу. Аларга пас бербестен, жоопкерчилик алып дарбазага тептиңиз. Дарбазанын жакынкы бурчу ачык калганын көрүп, гол киргизем деп ойлодуңуз окшойт?

- Ооба. Мен коргоочуну буйтап өтүп баратканда көз кырым менен дарбазачы алыскы бурчту көздөй жылып, дарбазада бош жер калганын көрө алдым. Ошондуктан анын карама-каршы багытына, жакынкы бурчка тебүүнү чечтим. Негизи өнөктөштөрүмдү да көргөн болчумун. Бирок өзүм эле тебе берейин деп чечтим.

— Муну менен сиз эгемен Кыргызстандын футбол тарыхында УЕФАнын мелдештеринде гол киргизген алгачкы футболчу болдуңуз. Кандай сезимдер болду?

— Аябай сүйүндүм. Аны сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Биринчиден, беттештеги эсеп теңелди, экинчиден, Кыргызстандын футбол күйөрмандары да күткөн гол болду. Ошондуктан кыргызстандык футбол күйөрмандарын да куттуктайм.

— Машыктыруучулар тарабынан беттеш алдында сизге кандай милдеттер коюлду эле? Өтөсүнө жеттим деп ойлойсузбу?

— Негизи бизге командалык оюн уюштуруп, үстөмдүктү колго алууну, беттештен үч упай менен кайтуу башкы максат эле. 11 оюнчу бул тапшырманы аткаралы деп аракет жасадык.

Футболчу Гүлжигит Алыкулов Казакстанда мыктылыгын көрсөтө баштады

Ал эми мен жарым коргоочу болгондуктан өзүм тараптан чабуулду курчутуу тапшырмасы коюлган болчу. Мен аны канчалык деңгээлде так аткарганымды айта албайм. Машыктыруучум баа бериши керек.

— Гол киргиздиңиз, бир катар олуттуу чабуулдарды жасоого катыштыңыз. Команда мелдешти ийгиликтүү баштады. Даярдык мыкты болдубу?

— Пандемиядагы тыныгууга карабастан даярдыктар жүрдү. Эл аралык аренанын өзүнүн деңгээли болот. Ага карата даярдык да башкача болушу кажет. Ушунун баары аткарылды деп ойлойм. Буюрса, башталышы ийгиликтүү болду, эми бул ооматты улантып кетүүгө аракеттер көрүлөт.

— Сиз ойногон "Кайрат" клубунун курамына бразилиялык чабуулчу, Россиянын ЦСКА клубу менен Европа лигасы мелдешин уткан Вагнер Лав келип кошулган. Тажрыйбалуу футболчу менен ойноо жеңил болсо керек...

— Вагнер Лав легенда десем болот. УЕФАнын Европа лигасы, Супер кубогун уткан, Чемпиондор лигасы мелдешинде ойногон тажрыйбалуу футболчу. Аны менен бир курамда ойноо өзүнчө чоң сыймык.

— Баса, Вагнер Лавдын киргизген экинчи голун экөөңүздөр өзгөчө майрамдадыңыздар. Ал кандай майрамдоо? Мунун бир себеби же сыры барбы?

- Майрамдоонун сыры деле жок. Бразилиялык ыр бар, аталышы эсимден чыгып жатат... Ал ырды Вагнер жакшы билет экен. Мен да билчүмүн. Аны биздин оюнчулар куттуктап жатканда мен да аны куттуктаганы баратып ошол ырды ырдадым эле, ал да дароо кошулуп, экөөбүз ырдап, бийлеп да жибердик...

Кыргызстанда кум үстүндөгү футбол боюнча өлкө кубогу үчүн мелдеш өтүүдө

— Беттештин экинчи бөлүгүнүн орто ченинде машыктыруучу сизди алмаштырды. Чарчап калдыңызбы же бул команданын мурда даярдалган тактикалык аракетиби?

— Алмаштыруу бул машыктыруучунун чечими болду. Себебин мен билбейм. Же кийинки оюндарга деп мени аяды, же башка бир максатты көздөдү. Кээде оюнга башкача темп киргизүү үчүн алмаштыруулар болот.... Машыктыруучу кандай гана чечим кабыл албасын, аны биз урматтоого тийишпиз.

Мен чарчаган деле эмесмин. Учурда абалым жакшы. 90 мүнөттүк оюнга да даярмын десем болот.

— Казакстандык команданын курамына ыңгайлашуу, негизги курамдан орун алууга жетишүү оңойго турбаса керек?..

— Футболчу үчүн команданын негизги курамынан орун алуусу өзгөчө маанилүү. Башкы курамга беттешке 100 пайыз даяр болгон оюнчулар гана киргизилет. Бул көп эмгекти талап кылчу жумуш. Мен машыгууларда да жан үрөп, командага пайда алып келсем экен деп аракеттенем.

Канатбек Бегалиев: Олимпиададагы ыза менен азыркыга чейин күрөшүп келем

Азыркы тапта өзүмдүн болгон дараметимди толук ача элекмин деп ойлойм. Алдыда али көп оюн бар. Буюрса, дагы да мыкты ойноого, күчтөнүүгө мүмкүнчүлүк болот. Мен ал үчүн аракетимди улантам...

— Команда бул мелдеште ийгилик жаратууга зор максат койгон болсо керек?

— УЕФАнын мелдештери эң абройлуу болуп саналат. Ошондуктан койгон максатыбыз бийик. Колдон келишинче ар бир оюнда жеңишти көздөйбүз. Командада даярдык, маанай жакшы, буюрса ийгиликтерди багындырабыз деген үмүт бар.

— Эми кыргызстандык күйөрмандар Гүлжигиттин эл аралык мелдештердеги оюнун качан көрөбүз?

— Мага Кыргызстандагы футбол күйөрмандары зор колдоо көрсөтөт. Сиздер маек уюштуруп, окурмандар социалдык тармактарда жакшы комментарийлерди, алга умтулууга шык берген алкоо сөздөрдү айтышат. Учурдан пайдаланып, баарыңыздарга ыраазычылык билдирем.

Буюрса УЕФАнын мелдештеринин кийинки этаптары, улуттук курама командалардын оюндары өтөт. Ошол жактардан жолугабыз деген ойдомун.

Жаңылыктар түрмөгү
0