Бишкектеги кинотеатр ээлери иштөөгө уруксат берүүнү өтүнүшүүдө

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКинотеатрдагы көрүүчүлөр. Архив
Кинотеатрдагы көрүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кино чөйрөсүнүн ишкер өкүлдөрү ишмердүүлүгү март айындагы карантиндик чектөөлөргө чейин эле токтотулуп, жумушсуз калганын айтып даттанышты.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бишкек шаарындагы кинотеатр ээлери 2-сентябрдан тарта иштөөгө уруксат берүүнү бийликтен өтүнүштү. Бул тууралуу КРдин Кинематография департаментинин сайтында айтылат.

Мекеме кинотеатр ээлеринин премьер-министр Кубатбек Бороновго, экономика министри Санжар Муканбетовго, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго жана Бишкек мэри Азиз Суракматовго жасаган кайрылуусун жарыялаган.

Жалал-Абад шаарындагы айрым чектөөлөр алынмай болду

Киночулар март айындагы карантиндик чектөөлөргө чейин эле жумуштары токтогонун билдиришкен. Бул аталган тармактагы бизнеске жана андагы кызматкерлердин жашоо-турмушуна кыйынчылык жаратканы, миңдей киши жумушсуз калганы айтылат.

"Кинотеатр ээлеринин көпчүлүгү карантин убагында да токтотулбаган насыялары үчүн пайыздарды төлөп келишет. Анын үстүнө жабык кинотеатрлар дагы деле техникалык тейлөөгө муктаж, бул кошумча чыгымдарды талап кылат. Алардын ишмердүүлүгү жанданган күндө деле материалдык абалын жакын арада ордуна келтире алышпайт", — деп айтылат маалыматта.

Кино бизнесинин өкүлдөрү көпчүлүк өлкөлөрдө кинотеатрлардын иши жанданганын, сентябрь айына бир канча тасмалардын бет ачары пландалганын белгилешүүдө.

Россияда болсо кинотеатрлар 1-августтан тарта иштеп баштаган.

COVID боюнча кеңеш берген 118 кызматы үч күндөн кийин ишин токтотот

Бишкектеги кинотеатр ээлери бардык коопсуздук жана санитардык чаралар сакталат деп ишендиришет.

Жаңылыктар түрмөгү
0