Кыргызстанда айыл чарба техникасынын 80%ынын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүЗаготовка соломы на поле. Архивное фото
Заготовка соломы на поле. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтен билдиришкендей, учурда өлкөдө 21 744 трактор, 2 143 комбайн, 9 457 соко, 3 102 үрөн сепкич, 3 487 чөп чапкыч, 1 377 тырмоок, 506 үрөн тазалагыч жана 9 633 чиркегич бар.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстанда айыл чарба техникасынын 80 пайызга жакынынын иштөө мөөнөтү ашып кеткен. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

Бирок техника тартыш болгондуктан дыйкандар эскилиги жеткендерди дагы колдонууга муктаж болуп жатканы айтылат.

"Мисалы, 27 миң трактор керек болсо, колдо бар тракторлордун саны 21,7 миң гана. Талап боюнча жылына техника беш пайызга жаңыланышы керек, бул көрсөткүч азыр 1,5 гана пайыз болууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Анткен менен мурдагы жылдарга караганда акыркы учурда техника көбүрөөк сатып алына баштады. Мисалы, тракторлор, соколор, сепкичтер, чиркегичтерди жаңы сатып алып жаткан дыйкандар бар.

Картошка өстүрүүдө Көл алдыда болгон. Облустардын дыйканчылык боюнча отчёту

Жаңы техника түз сатып алуудан тышкары лизингдик долбоорлор менен дагы алынып жатканы кошумчаланды.

Министрликтен билдиришкендей, учурда өлкөдө 21 744 трактор, 2 143 комбайн, 9 457 соко, 3 102 үрөн сепкич, 3 487 чөп чапкыч, 1 377 тырмоок, 506 үрөн тазалагыч жана 9 633 чиркегич бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0