Лабораториянын кызматкери коронавируска анализдер менен. Архив

Бир суткада коронавирустан 247 бейтап айыкса, кайра 125 адам жуктуруп алды

155
(жаңыланган 11:30 29.08.2020)
Кыргызстанда аталган вирусту жуктуруп алгандар акырындап өсүп баратканы байкалууда.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирусту 247 бейтап жеңсе, кайра 125 адам аны илештирип алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек – 129;
  • Ош шаары – 13;
  • Чүй облусу – 11;
  • Ош облусу – 15;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 18;
  • Жалал-Абад облусу – 21;
  • Баткен облусу – 34.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 30;
  • Ош – 2;
  • Чүй облусу – 8;
  • Ош облусу - 12;
  • Талас облусу - 6;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 13;
  • Жалал-Абад облусу – 31;
  • Баткен облусу - 22.

 

155
Белгилер:
жуктуруу, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1321)
Тема боюнча
Бир суткада коронавирустан 275 бейтап айыкса, кайра 101 адам жуктуруп алды
Тейлөө кызматкерлер жолду белгилөө учурунда. Архив

Кырсыктарды алдын алуу үчүн Алматыда өзгөчө жол белгисин чийүү пландалууда

2
(жаңыланган 13:36 27.09.2020)
Шаардык административдик полиция башкармалыгынын жетекчиси Жандос Мураталиев кызыл түстөгү жол чийин айдоочулардын көңүлүн өзүнө бурат деп эсептейт.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Алматы шаарында авариялык кооптуу делген жерлерге кызыл түстөгү жол белгисин чийүү пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Шаардык административдик полиция башкармалыгынын жетекчиси Жандос Мураталиевдин айтымында, жол белгилерин чийүүдө азыр ар кандай инновациялык материалдар колдонулууда. Ошондой эле ак, сары, жашыл, кара сыяктуу ар кандай түстөр да кеңири пайдаланыла баштаган. Бирок натыйжаны күчөтүү максатында кызыл түстү да колдонуп көрүү каралууда.

"Кызыл түстөгү чийин — айдоочулардын көңүлүн буруудагы эң натыйжалуу ыкма", — деди Мураталиев.

Кызыл жол чийинин шаардагы кооптуу делген жерлерге колдонуу пландалып жатканы кошумчаланды.

2
Белгилер:
коопсуздук, кырсык, жол чийин, Алматы
Тема боюнча
Жолдун экинчи катарынан кайсы учурда кайрылса болот? Айдоочуга кулак кагыш
Аэропорт Манас жанында кишилер. Архив

"Манас" аэропортундагы узун кезек. Жүргүнчү бүгүнкү окуяны сүрөттөдү

154
(жаңыланган 12:52 27.09.2020)
Аэропорттун маалымат катчысы Алия Курбанова "бир эле эшиктен киргизип-чыгарып жатат" деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунда бүгүн эртең менен жүргүнчүлөрдүн узун кезеги жаралды. Бул тууралуу Facebook баракчасынын "Кара тизме" тайпасына Черик Сыдыков аттуу колдонуучу жазды.

"27-сентябрь. "Манас" аэропорту. Бул жакта башаламандык орун алды. Бир эле эшик ачык. Аэропортко ушул эле эшик менен киргизип-чыгарып жатышат. "1,5 аралыкты сактагыла" дейт. Бир жакка учуп кетчүлөр болсо, аэропортко эртерээк келгиле. Болбосо учакка жетишпей калышыңар ыктымал", — деди Сыдыков.

Ал эми аэропорттун маалымат катчысы Алия Курбанова "бир эле эшиктен киргизип-чыгарып жатат" деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

"Терминалда кирип-чыгуу үчүн өз-өзүнчө эшиктер бар. Ошол эле учурда аэропортко билети бар, бет кап тагынган, уча турчу жүргүнчүлөр гана киргизилет. Алар дезинфекциялоочу тоннелдер аркылуу өтөт. Бул иш-аракеттин баары коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө. Биз адамдарды аралыкты сактоого чакырып жатабыз. Бирок аны баары эле аткарган жок. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү коштоп келгендер да кезекке туруп алган учурлар катталып жатат", — деди Курбанова.

"Манас" эл аралык аэропорту бардык жүргүнчүлөрдү жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерге түшүнүү менен мамиле кылуусун суранып, уча турчуларды аэропорттун аймагына эртерээк келүүгө чакырды.

154
Белгилер:
коронавирус, видео, кезек, аэропорт, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Өзбек авиакомпаниясы Бишкекке каттамдарын 1-октябрдан тарта көбөйтөт