31-августта Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат

Жазылуу
ЖКККББ шаар тургундары менен коноктордон бул чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, маршрутун ыңгайлаштырып алуусун өтүнөт.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Бишкекте 31-август күнү Эгемендүүлүк майрамына карата Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Саат 09:00дөн 12:00гө чейин Чүй проспектисинин Тыныстановдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

ЖКККББ шаар тургундары менен коноктордон бул чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, маршрутун ыңгайлаштырып алуусун өтүнөт.

Бишкек мэриясы Эгемендүүлүк салтанатына 2,7 млн. сом сарптады

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандын эгемендүүлүккө жеткенине 29 жыл толот. “Ала-Тоо" аянтында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанат өтүп, бирок ага эл чакырылбайт. Салтанат саат 10:00дө башталып, 11:00дө аяктайт. Ал эми кечки саат 22:00дө майрамдык салют атылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0