Жээнбеков: өлкөнүн 20 шаарын Бишкек менен Оштой кылып өнүктүрөбүз, каражат бар

Жазылуу
Мамлекет башчы аймактарды өнүктүрүп сыртка кеткендерди алып келе албаса да, кийинки муунду кармап калууга мүмкүнчүлүк болорун белгиледи.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Аймактарды өнүктүрүү программасынын алкагында өлкөнүн 20 шаарына Бишкек менен Ош шаарындай шарттар түзүлөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчы бул менен 20 калаанын жака-белинде жашаган элди чет жакка кетирбей кармап калууга мүмкүнчүлүк жараларын белгиледи. 

“Ошол шаарларда медицина, билим берүү, социалдык коргоо, мамлекет жасай турган бардык иштерге каражат бөлүнөт. Өнөр жай ишканаларын көбөйтөбүз, бизнес, жумушчу орундары түзүлө баштайт. Окуу жайларынын, саламаттык сактоо тармагынын сапатын жакшыртууга, кайра иштетүү өнөр жайын жолго коюуга аракет кылабыз. Жетишкендигибиз — ушул 20 шаарды өнүктүрүүгө багытталган программаны ишке ашырууга каражат табылды”, — деди Жээнбеков.

Жээнбеков президенттик ишинин негизги маңызы эмнеде экенин айтып берди

Мамлекет башчы аймактарды өнүктүрүп сыртка кеткендерди алып келе албаса да, кийинки муунду жумуш менен камсыздай аларын белгиледи.

“Жүн, тери, этти элден сатып алып, кайра иштетүүгө жетишишибиз зарыл. Биздин дыйкандар, фермерлер базарга барам деп мүшөк көтөрүп, мал жетелеп жүрбөшү керек. Алар онлайн түрүндө сата турган, баарын үйүнөн алып кете тургандай шарт түзүшүбүз зарыл”, — деди президент.

Ошондой эле ал аймактарда иштеп жаткан чакан жана орто ишканалардын саны 2017-жылы 3727 болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 4421ге жеткенин кошумчалады. Ал эми аймактардын экономикасын өнүктүрүүгө 46,8 миллиард сомдук кредит жумшалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0