Дарыгер ракты чакыра турган ооруларды атады

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүДарыгер компьютердик томографиянын натыйжаларын карап отурат. Архив
Дарыгер компьютердик томографиянын натыйжаларын карап отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кесепети ракка жеткирген илдеттердин кооптуулугун азайтуу менен баштапкы стадиясында ооздуктап калса болору айтылды.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников "О самом главном" программасынын эфиринде онкологиялык оорулардын пайда болушуна негиз болгон илдеттерди атады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Адистин айтымында, вирустук гепатит, вирустуу папиллома, гастрит же ашказан жарасы, ичегилердин сезгенүүсү жана өпкө оорулары бар деген диагноз коюлган адамдардын илдети өрчүп кетсе ракка айланат.

Рактын өрчүшүн ооздуктай турган өзгөчө өсүмдүк табылды. Иликтөө

"Рактын эми гана башталган стадиясында ооздуктап калуу керек. Мунун кесепети ракка жеткире турган илдеттердин кооптуулугун азайтуу менен жасаса болот", — деп айткан Мясников.

Ошондой эле медик В гепатитинен жана вирустуу папилломадан эмдөө каралганын, аны сөзсүз түрдө алуу керектигин айткан. Бул боор жана жатын моюнчасынын рагы менен ооруп калуу коркунучунан арылууга өбөлгө болорун белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0