Шереметьево аэропорттунда регистратура. Архив

Россиядагы элчилик авиабилеттерди кайсы жерден алса болорун айтты

414
(жаңыланган 09:11 30.08.2020)
Элчилик чартердик каттамдарга жарандардын тизмесин түзүүнү токтотуп, өз алдынча билет алууга укук берген.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги мекендештерди авиабилет алууда алдамчылардын тузагына түшүп калбоону эскертип, расмий даректерди жарыялады.

Белгилей кетсек, 27-августтан тарта элчилик чартердик каттамдарга жарандардын тизмесин түзүүнү токтоткон. Буга байланыштуу Кыргызстанга келүүгө камынган мекендештерге "Авиатрафик", "Аэрофлот", "Сибирь", "Тез жет" жана "Уральские авиалинии" авиакомпанияларынын расмий авиакассалары же веб-сайт аркылуу өз алдынча билет алууга укук берилген.

Россия Кыргызстан менен авиабайланышты качан жандантарын айтты

Элчилик билет алууда төмөнкү даректерди сунуштайт:

  • "Авиатрафик" авиакомпаниясы — "Домодедово" эл аралык аэропортундагы №107 кассада дүйшөмбүдөн ишембиге чейин саат 10.00дөн 19.00гө чейин сатылат.
    Онлайн сатуу дүйшөмбү күнү (31-августта) ачылат деп күтүлүүдө;
  • "Аэрофлот" авиакомпаниясы — сатуу кеңселери жана кассалары тууралуу маалымат компаниянын расмий сайтына илинген.
    Авиабилеттерди компаниянын сайтынан да онлайн режимде сатып алса болот;
  • "Уральские авиалинии" авиакомпаниясы — "Домодедово" эл аралык аэропорту, №105, №106 кассалары, күнү-түнү.
    Павелецкий темир жол бекети, №7 кассасы "Aэроэкспресс" залында, күн сайын саат 08.00дөн 20.00гө чейин;
    Соймоновский өтмөгү, 7-үй, 1-корпус, "Кропоткинская" метросу, дүйшөмбү-жума күндөрү саат 09.00дөн 18.00гө чейин.
  • "Сибирь" авиакомпаниясынын билеттерин эки жерде алса болот:
  1. "Домодедово" эл аралык аэропортунун учуу залы, 1-кабат, № 3 чыгуу эшигинин жанында күнү-түнү сатылат;
  2. Павелецкий темир жол бекети, "Аэроэкспресс" залында №3 кирүү эшиги, Славянка дүкөнүнүн жанында, дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09.00дөн 20.00гө чейин.

Мындан сырткары, расмий сайтынан онлайн режимде сатып алууга да болот.

Элчилик жеке авиакассаларга, агенттиктерге, ошондой эле ортомчулар менен сатуучуларга билетке деп акча берип алданып калбоону эскертти.

414
Белгилер:
мекендештер, Россия, элчилик, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан Россиянын төрт шаарына туруктуу авиакаттамды жандантат
Кыргызстан 31 өлкөнүн жарандарына чек арасын ачты. Тизме
Медициналык кызматкер иш учурунда. Архив

Министрлик: шайлоого карата вирус жуктургандардын саны азайтылган жок

3
(жаңыланган 12:54 28.09.2020)
Министрликтин өкүлү июль айында вирус жуктургандардын саны кескин көбөйүп, кийин кайра азайганын эске салуу менен бул кадыресе көрүнүш экенин белгиледи.

БИШКЕК, 28-сен. – Sputnik. Жогорку Кеңештин шайлоосун өткөрүп алуу үчүн коронавирус жуктургандардын саны атайылап азайтылып айтылууда деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Белгилей кетсек, соцтармактын колдонуучулары шайлоого карата элди дүрбөлөңгө салбаш үчүн илдет боюнча статистика азайтылып көрсөтүлүп жатышы мүмкүндүгүн болжошууда.

COVID: Кыргызстанда 13 киши өтө оор абалда реанимацияда жатат

Бул боюнча Үсөнбаев саламаттык сактоо тармагынын шайлоого эч кандай тиешеси жоктугун билдирди.

"Статистика төмөндөгөн жок. Керебеттер толуп эле калып жатат. Июлда ооругандардын саны абдан көбөйгөн, кийин кайра түштү. Бул кадыресе процесс. Учурда COVID жуктургандар кайра көбөйө баштаганын байкап жатабыз. Бул көрүнүштүн шайлоого эч кандай тиешеси жок", — деди Үсөнбаев.

Жогорку Кеңештин шайлоосу 4-октябрда өтөт. Акыркы кезде илдетке кабылгандардын саны күнүнө 100дөн түшпөй жатат.

3
Белгилер:
статистика, шайлоо, коронавирус, КР Саламаттык сактоо министрлиги
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Соңку суткада коронавирустан Ош облусунда бир адам көз жумду
Медициналык кызматкерлер ооруканада иш учурунда. Архив

COVID: абал курчугандан кийин медициналык мекемелерде 8 жетекчи иштен алынды

15
(жаңыланган 12:27 28.09.2020)
Министрдин орун басары айрым жетекчилерге административдик чараларды колдонууга да туура келгенин белгиледи.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Өлкөдөн эпидемиологиялык кырдаал курчугандан кийин ишинде кемчилик кетиргени үчүн медициналык мекемелерде сегиз жетекчи кызматтан алынды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Брифингде июлдагы апааттан кийин кандай кадрдык алмашуулар болгону туурасында суроо берилген.

КРде бир нече аптадан бери алгачкы өлүм катталды. COVID боюнча статистика

"Кемчиликтери аныкталууда, эскертүү берилүүдө, тилекке каршы, административдик чараларды колдонууга да туура келип жатат. Эпидемиялык кырдаал курчуган убактан бери медициналык мекемелерде сегиз жетекчи кызматтан алынды, дагы сегиз жетекчиге катуу сөгүш берилди", — деди Үсөнбаев.

Ошондой эле ал мындай административдик көзөмөл ар дайым жүргүзүлүп турарын белгиледи.

15
Белгилер:
кызматтан алуу, жетекчи, Нурболот Үсөнбаев
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID: Кыргызстанда 13 киши өтө оор абалда реанимацияда жатат
Коронавирустун белгилери байкалса кайда кайрыласыз? Министрликтин жообу