БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, Бишкек шаарында 31-августта жана 1-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүзү өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 2-сентябрда күн ачык болот, бирок эртеси бейшембиде жамгыр жаайт.
Дүйшөмбү күнү жана шейшембиде түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Ал эми күндүзү көпчүлүк жерлерде жамгыр жаай турганы айтылды. Шейшембиде кээ бир аймактарда өткүн өтөт.
Бейшембиде Чүйдүн көпчүлүк аймактарында, Таластын кээ бир райондоруна жамгыр, тоолорго кар түшүшү күтүлөт.
31-августта күндүз жана 1-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бирок күндүзү 1-сентябрда Жалал-Абаддын көп аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде жамгыр жаап, бийик тоолорго кар түшүшү күтүлөт.
Суук түшпөйбү? Күздүн биринчи айы сентябрга карата аба ырайы
2-сентябрда кээ бир райондордо жамгыр, бийик тоолуу жерлерде кар жаашы күтүлөт.
3-сентябрда Ош менен Жалал-Абаддын көпчүлүк аймактарында, Баткендин кээ бир райондоруна мезгил-мезгили менен жамгыр төгөт.
Дүйшөмбүдө кээ бир райондордо өткүн өтүү менен чектелсе, шейшембиде көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, бийик тоолуу жерлерге кар түшөт.
Ал эми шаршемби менен бейшембиде көп аймактарга мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу аймактарга кар жаашы күтүлөт.
Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында 31-августта күн ачык болот. Бирок 1-2-сентябрда асманды ала булут каптап, өткүн өтөт, 3-сентябрда жаан жаайт.
Бүгүн түнү кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
31-августта жана 1-2-сентябрларда кээ бир райондордо өткүн болуп, бийик тоолуу райондордо кар түшөрү кабарланды.
3-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр төгүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 31-августта жана 3-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетери кабарланды.
Карап эле турсаң!.. Бирде бар, бирде жок болгон Көл-Суунун укмуш сүрөттөрү
Ошондой эле 4-сентябрга карата аба ырайынын жакындатылган болжолдоосу боюнча, өлкөдө күн ачык болуп, абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт. Ал эми 5-сентябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, бирок башка аймактарда өткүн өтөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. 67 жаш курагында СССРдин ат оюндары боюнча эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргызстанда туулган Александр Блинов каза болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.
Блинов 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарында командалык үч таймашта алтын жана жеке үч таймашта күмүш медалдын ээси болгон.Спортчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-мартта Москвада өтөт. Блинов 1954-жылы 19-августта Фрунзе шаарында туулган.
Анын Москвадагы Олимпиада оюндарында жетишкен ийгиликтери боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Жолдорго муз тонуп, тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көлдө +4…+9, Нарын өрөөнүндө +1…+6 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градусту көрсөтөт.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Айбек Бузурманкулов өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Бузурманкулов ээлеген ордунан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кеткен.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Эске салсак, Бузурманкулов Таласка жетекчи болуп 2020-жылдын октябрь айында 5-6-октябрдагы окуялардан кийин келген.