Коронавируска тест алуу. Архивдик сүрөт

COVID: айыккандар, жуктургандар, дарыланып жаткандар. Акыркы маалымат

200
(жаңыланган 11:30 30.08.2020)
Ушуну менен коронавирус 43 820 адамдан табылса, анын басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 38 198и ооруну жеңди.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө коронавирустан 225 бейтап айыкты. Ошол эле учурда 108 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек — 107;
  • Ош шаары — 5;
  • Чүй облусу — 17;
  • Ош облусу — 22;
  • Талас облусу — 3;
  • Нарын облусу — 6;
  • Ысык-Көл облусу — 29;
  • Жалал-Абад облусу — 21;
  • Баткен облусу — 15.

Өткөн суткада коронавирус аныкталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 17;
  • Ош — 2;
  • Чүй облусу — 11;
  • Ош облусу — 12;
  • Талас облусу — 6;
  • Нарын облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 10;
  • Жалал-Абад облусу — 33;
  • Баткен облусу — 16.

Ушуну менен коронавирус 43 820 адамдан табылса, анын басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 38 198и ооруну жеңди.

Өзбекстан эпидемиологиялык абалы турукташкан өлкөлөрдүн катарына кошулат

Мындан сырткары, бир суткада коронавирус беш медицина кызматкеринен да табылган. Бирок айыккандары дагы бар. Кечээ ооруканадан алты, үй карантининен жети медик айыгып чыгышкан. 

Азыркы тапта өлкө боюнча стационарларда 736 бейтап дарыланып жатса, 4 870 адам үйлөрүнөн медициналык жардам алып жатышат.

200
Белгилер:
штаб, айыгуу, жуктуруу, Кыргызстан, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1328)
Тема боюнча
Кечээ Ошто коронавирустан бир киши акка моюн сунду
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков

Айдарбеков Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздар боюнча афган кесиптеши менен сүйлөштү

20
Боордошторго байланышкан долбоорлордон тышкары эки аткаминер инфратүзүмдүк долбоорлорду жана региондук интеграцияларды мындан ары өнүктүрүүнүн көрүнүштөрү тууралуу пикир алмашышкан.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков афганистандык кесиптеши Мохаммад Ханиф Атмар менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшкөнүн ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-афган мамилелеринин күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде Улуу жана Кичи Памирдеги афган кыргыздарын колдоо боюнча долбоорлор талкууланды. Андан тышкары, тараптар инфратүзүмдүк долбоорлорду жана региондук интеграцияларды мындан ары өнүктүрүүнүн көрүнүштөрү тууралуу пикир алмашышты.

ТИМ: Вандык кыргыздар Түркиядагы Кыргызстандын элчисине ыраазычылык билдирди

Айдарбеков 2020-жылдын сентябрында Доха шаарында башталган элдешүү процессин колдой турганын, ошондой эле Афганистанда тынчтыктын орношу үчүн жана бүтүндөй региондук коопсуздукту бекемдөө максатында ал процесстин ишке ашарына үмүт артарын билдирди.

20
Белгилер:
мамиле, Афганистан, Чыңгыз Айдарбеков, Памир кыргыздары
Тема боюнча
Бутумду кучактап "кыргызга салам айт" деп ыйлаган кандаш. Афганчылардын баяны
Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Подмосковьедеги ишканада көпүрө урап жабыркаган кыргызстандыктардын абалынан кабар алды

Москвада көпүрө кырсыгында жабыркаган кыргызстандыктардын абалы айтылды. Сүрөт

38
(жаңыланган 22:47 01.10.2020)
Кыргызстандын Россиядагы элчиси көпүрө кырсыгында жабыркаган кыргызстандыктардын абалынан кабар алды.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Подмосковьедеги ишканада көпүрө урап жабыркаган кыргызстандыктардын абалынан кабар алды. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

  • Посол КР в РФ Аликбек Джекшенкулов посетил пострадавших при обрушении моста на подмосковном предприятии
    Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Подмосковьедеги ишканада көпүрө урап жабыркаган кыргызстандыктардын абалынан кабар алды
    © Фото / пресс-служба посольства Кыргызстана в России
  • Посол КР в РФ Аликбек Джекшенкулов посетил пострадавших при обрушении моста на подмосковном предприятии
    Эске салсак, 27-сентябрь күнү Россиянын Москва облусундагы "FM LOGISTIC" (кампа комплекси) логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан 51 кыргыз жараны жабыркаган
    © Фото / пресс-служба посольства Кыргызстана в России
  • Посол КР в РФ Аликбек Джекшенкулов посетил пострадавших при обрушении моста на подмосковном предприятии
    Анын 22си медициналык кароодон кийин үйүнө жиберилген
    © Фото / пресс-служба посольства Кыргызстана в России
  • Посол КР в РФ Аликбек Джекшенкулов посетил пострадавших при обрушении моста на подмосковном предприятии
    Каза болгондор катталган эмес
    © Фото / пресс-служба посольства Кыргызстана в России
  • Посол КР в РФ Аликбек Джекшенкулов посетил пострадавших при обрушении моста на подмосковном предприятии
    29 адам ооруканага жактырылган, бирөөнүн абалы өтө оор, дагы эки мекендештин абалы оор деп айтылган.
    © Фото / пресс-служба посольства Кыргызстана в России
1 / 5
© Фото / пресс-служба посольства Кыргызстана в России
Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Подмосковьедеги ишканада көпүрө урап жабыркаган кыргызстандыктардын абалынан кабар алды

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Россиянын Москва облусундагы "FM LOGISTIC" (кампа комплекси) логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан 51 кыргыз жараны жабыркаган. Анын 22си медициналык кароодон кийин үйүнө жиберилген. Каза болгондор катталган эмес. 29 адам ооруканага жаткырылган, бирөөнүн абалы өтө оор, дагы эки мекендештин абалы оор деп айтылган. Үч адамга операция жасалган. Ооруканага жаткырылгандардын арасында 16 жаштагы кыргызстандык бар.

“Домодедово ооруканасынын башкы дарыгери мээсине кан кетип, катуу жабыркаган 24 жаштагы Ч.К. аттуу жаранды дарылоого өзгөчө көңүл буруларына ишендирди. Анын абалы туруктуу оор. Жандандыруу бөлүмүнөн өзгөчө ыңгайлуу палатага которулган. Элчилик учурда анын апасын жана карындашын Россияга алып келүү боюнча иштеп жатат. Алардын жолго кеткен чыгымы жумуш берген компаниянын эсебинен болот”, — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Россияда көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 51ге жетти

Балдар хирургиясынын бөлүм башчысы 16 жаштагы М.А. аттуу жаранды дарылоо үчүн зарыл болгон бардык аракеттер көрүлгөнүн, учурда ал өзүн жакшы сезип калганын билдирген. Анын билеги жана жамбаш сөөгү сынып ооруканага түшкөн. Операция ийгиликтүү жасалып, өспүрүмдүн абалы канааттандырарлык экени айтылды. Кеткен медициналык чыгымдарды жумуш берген компания төлөгөн.

Элчи жабыркагандардын баарына кенемте төлөтүү боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын айткан. Анын билдиришинче, россиялык компания жабыркагандарды дарылоого кеткен чыгымды төлөөгө кепилдик кат жазып берген. Мындан сырткары, элчилик менен жабыркаган мигранттар үзгүлтүксүз байланышта болуусу үчүн соцтармакта жалпы топ түзүлгөн.

38
Белгилер:
Кыргызстан, мигранттар, Подмосковье, Россия, кырсык, көпүрө
Тема боюнча
Элчилик: компания көпүрө урап жабыркаган КР жарандарынын бүт чыгымын төлөйт