Министрлик бала бакчалар качан кандай шартта иштеп баштаарын айтты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСтроительные работы в Новосибирске
Строительные работы в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарындагы бала бакчалардын кайсы убакыттан тарта иштей баштай турганы азырынча белгисиз.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бала бакчалар санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун жана жергиликтүү бийликтин уруксаты менен иштейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, июнь айында Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте бала бакчалардын ишмердүүлүгүн жандандыруу максатында буйрук чыгарган. Бирок кийин өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуп кетип, баары жабылган.

"Жергиликтүү бийлик жана аймактык санэпидборборлордун уруксатын алган бала бакчалар иштей берет. Тагыраагы, ошол аймактагы кырдаалга жараша ачылат. Бирок алар Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан даярдалган санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин алгоритмин, талаптарын аткарууга милдеттүү", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми Бишкек шаарындагы бала бакчалардын кайсы убакыттан тарта иштей баштай турганы азырынча белгисиз. Ушу тапта баары жабык. Шаардык билим берүү башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, сентябрь айында алар иштей башташы ыктымал. Даярдыктар жүрүп жатат.

Инжект: Күндө окушат! 1-класска барчу балдардын ата-энелери үчүн 10 суроого жооп

Буга чейин Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева ата-энелер абдан муктаж болгон бакчалар ачыла турганын маек берип жатып айткан

Жаңылыктар түрмөгү
0