Мухаммед Алиге жолугуп кеңешин уккан. Орзубек Назаров жөнүндө 9 факты

© AP Photo / Itsuo InouyeЧемпион по боксу Орзубек Назаров
Чемпион по боксу Орзубек Назаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн профессионалдар арасында бокс боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, атактуу мушкер Орзубек Назаров 54 жашка толду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 22 жыл дүйнөнү түрө кыдырып, эгемен өлкөнүн желегин эл аралык аренада биринчилерден болуп желбиреткен спортчу жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Бейбаштыкты жойгон спорт. Орзубек Назаров 1966-жылы 30-августта Кант шаарында туулуп, балалыгы ошол шаарда өткөн. Атасы автобус айдап үй-бүлөсүн баккан. Болочоктогу атактуу спортчу мектепте окуп жүргөндө тентек балдардын катарын толуктап, далай жоруктардын ана башында турчу. Ошондон улам апасы Жорохан аны он жашында спорт залга алып барган. Алгачкы жолу беттешке 12 жашында 28 килограмм салмак менен чыгып атаандашын утуп алган. Ошол окуядан кийин өспүрүм спортко бел байлап, машыктыруучусун өз атасындай көрүп калган.

Күчүн пайдалана албай койгонбуз... Олимпиада чемпиону Мелентьев жөнүндө 6 факты

Күжүрмөн эмгектин жемиши. 16 жашында өспүрүмдөр арасында СССРдин чемпиону болуп, 18 жашында Эл аралык класстагы спорт чебери даражасына жетишкен. Спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында СССРдин жаштар арасындагы мелдешинин төрт жолку жеңүүчүсү, Европанын эки жолку, СССРдин үч жолку чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун үч жолку байге ээси аталган. 1987-жылы Европанын эң мыкты мушкери болгон. Профессионалдык рингде Япониянын беш, Азия менен Океаниянын алты жолку, дүйнөнүн жети жолку чемпиондугу ыйгарылган. Спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында 165 жолу рингге чыгып, 153 ирет жеңишке жетишкен. Профессионалдык рингде 28 беттеш өткөрүп, анын 27син уткан (23 нокаут менен). Сологой боксчу атаандаштарын боорго көбүрөөк муштаганы менен айырмаланчу. 

© Sputnik / Борис Бабанов / Медиабанкка өтүүМушкер Орзубек Назаров (СССР) жана анын каршылашы Ромаллис Эллис (АКШ)
Мухаммед Алиге жолугуп кеңешин уккан. Орзубек Назаров жөнүндө 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Мушкер Орзубек Назаров (СССР) жана анын каршылашы Ромаллис Эллис (АКШ)

Бөтөн элде бааланган Назаров. 1989-жылы Японияга келишим менен кетип, 90-жылдардын башында кыргызстандыктарга караганда япон калкына таанымал эле. Радио, телевидениеге чыгып, жарнамаларга байма-байма тартылып турган. 1998-жылы Орзубек Назаров чемпиондук кур үчүн кезектеги атаандашы франциялык мушкер Жан-Батист Менди менен рингге чыгып, 3-раундда атаандашынын спорттук кол кабы жаза тайып, баш бармагы Назаровдун көзүн жабыркатып алган. Бул окуя мушкердин спорттук карьерасына чоң зыянын тийгизип, ал рингден биротоло кетүүгө аргасыз болот. Кыргызстанга кайтып келген Назаров эч кимге кереги жок экенин сезип отуруп калган.

13 жашында намыска жараган волейболчу. Окумуштуу Кайып Оторбаев жөнүндө 7 факты

Бир ажалдан калган. 1997-жылы ноябрда Алматы шаарында достору менен аэропортко баратканда аларга куралдуу кол салуу болуп, мушкердин эки досу көз жумган. Назаров акырекке ок жеп, аман калат, кылмышкерлер из жашырып кеткен. Ал окуядан эки ай өткөн соң Францияда дүйнө чемпионатында күч сынашкан. 

© Sputnik / Борис Бабанов / Медиабанкка өтүүКыргызстан мушкер профессионалдык рингде 28 беттеш өткөрүп, анын 23үн нокаут менен жыйынтыктаган
Мухаммед Алиге жолугуп кеңешин уккан. Орзубек Назаров жөнүндө 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан мушкер профессионалдык рингде 28 беттеш өткөрүп, анын 23үн нокаут менен жыйынтыктаган

35 жылдан берки күндөлүк. Анда спорттук жашоосунун тарыхы, маңдай жарыла сүйүнгөн жеңиштери, утулуу ызалары жазылган. Келечекте күндөлүгүн кызыктуу жана таасирлүү китепке айланткысы келет.

Мушкердин ысымын алган Орзубектер. "Жаш мушкерлердин мен келечекте сиздей болгум келет деп айтканы кубандырат. Эсимде, 1990-жылдары ата-энелер балдарынын ысымын менин атыман коюуну тилек кылгандыгы тууралуу көп каттар келчү" деген жайы бар. 

© AFP / JACK GUEZ Орзубек Назаров 1998-жылы көзүнөн оор жаракат алып биротоло рингден кетүүгө аргасыз болгон
Мухаммед Алиге жолугуп кеңешин уккан. Орзубек Назаров жөнүндө 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Орзубек Назаров 1998-жылы көзүнөн оор жаракат алып биротоло рингден кетүүгө аргасыз болгон

Мухаммед Али менен жолугушуу. Назаров 1996-жылы Японияда жашап, машыгып жүргөндө легендарлуу мушкер Мумаммед Али жумуштары менен Токиого учуп келет. "Ал кезде мен дүйнө чемпиону болчумун, бизди тааныштар жолуктурган. Улуу мушкер ошол кезде катуу ооруп жаткандыгына карабай кеп-кеңешин айтып, тамашалап сүйлөгөн. Кийин ал каза болгондо аябай жаман болдум" деп маектеринин биринде айткан.

Кондучалованын күйөө баласы болгон. Каскадер Үсөн Кудайбергенов тууралуу 8 факты

Саясатка аралашкан спортчу. Япон, англис, орус тилдеринде эркин сүйлөп, кыргыз, өзбек, азербайжан тилдерин түшүнөт. "Даңк" медалынын ээси 2007-жылы ноябрь айында "Ак жол" партиясынын катарында Жогорку Кеңештин IV чакырылышындагы депутаты болуп шайланып, эл өкүлү болуп иштеп калган. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДүйнөлүк деңгээлдеги атактуу спортчу мекендешибиз учурда ишкерлик менен алектенип, өзү ачкан спорттук залда жаштарга кеп-кеңеш берип келет.
Мухаммед Алиге жолугуп кеңешин уккан. Орзубек Назаров жөнүндө 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк деңгээлдеги атактуу спортчу мекендешибиз учурда ишкерлик менен алектенип, өзү ачкан спорттук залда жаштарга кеп-кеңеш берип келет.

Үй-бүлөсү. Учурда экинчи жубайы Оксана менен жашайт. Жубайлар Аделина аттуу кызды тарбиялашат. Биринчи жубайынан эки кызы бар. Кыргыз боксунун атасы Орзубек Назаров учурда жеке ишкерлик менен алектенип, өзү ачкан спорттук залда жаштарга кеп-кеңеш берип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0