Дүйнө кыдырып иштеген бишкектик скрипач кыз: эң начар шарт Дубайда болду

© Фото / предоставлено Нурай Догдурбай кызыКыргызстанская скрипачка Нурай Догдурбай кызы
Кыргызстанская скрипачка Нурай Догдурбай кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурай Догдурбай кызы консерваторияны аяктап, дирижер болуп чыккан. Соңку жылдары чет жерде, атап айтканда, Таиланд, Катар, Түркия, Бириккен Араб Эмирлигинде иштеп жүрөт.

Ушул тапта Нурай Догдурбай кызы Малайзияда. Коронавирустан улам концерттердин баары токтогон, ал эми мекендешибиздин топтогон тыйыны улам четинен кертилип барат. Бирок учурдун катаал чындыгы деле артист кызга өткөн күндөрүндөгү таттуу ирмемдерин, чет өлкөдө кантип ийгиликке жетишкенин эскерүүгө жолтоо боло алган жок.

— Алгач өзүңүз тууралуу билсек.

— Музыкага сүңгүгөн үй-бүлөдө төрөлдүм, атам — композитор Догдурбай Урманбетов. Музыкалык мектепти аяктадым, кийин консерваторияга тапшырдым. Дирижерлукту 5 жыл окудум. Бир нече жылдан бери чет өлкөдө иштеп келем: Таиланд, Катар, Түркия, Араб Эмирлиги ж.б. 

© Фото / Нурай Догдурбай кызыНурай Догдурбай кызы консерваторияны аяктап, дирижер болуп чыккан. Соңку жылдары чет жерде, атап айтканда, Таиланд, Катар, Түркия, Бириккен Араб Эмирлигинде иштеп жүрөт.
Дүйнө кыдырып иштеген бишкектик скрипач кыз: эң начар шарт Дубайда болду - Sputnik Кыргызстан
Нурай Догдурбай кызы консерваторияны аяктап, дирижер болуп чыккан. Соңку жылдары чет жерде, атап айтканда, Таиланд, Катар, Түркия, Бириккен Араб Эмирлигинде иштеп жүрөт.

— Кыргызстанда музыкант болуп иштөө каражат жагынан анчалык кирешелүү эмес. Эмнеге бул адистикти тандап алдыңыз эле?

— Чындап эле бизде аз төлөнөт. Оркестрде иштеп жүргөнүмдө айлыгым 5 900 сом болчу десеңиз, бирок мен башынан эле чет жакта иштөөнү пландагам.

Тамаданы таксист кылган пандемия. Ырчы-чоорчулар кантип жан багууда

— Артисттердин көбү музыкалык билими жок эле элге таанылат, сиз консерваторияны аяктоону чечкен экенсиз. Дипломуңуздун пайдасы тийген учур болду беле?

— Бир гана ирет, Түркияда ишке орношуп жатканымда керекке жараган. Ал жакта иш издөөчү адис экенин, түркиялык жаран иштей турган орунду жөн эле бирөө ээлебестигин далилдөөгө тийиш.

Бирок негизинен иш берүүчүлөргө дипломдун зарылдыгы жок, баары аткарган номерлеримдин тасмасын сурашат. Окууга тапшырып жатканымда мунун баарын түшүнгөм, кесипкөй болууну гана самагам.

— Дүйнөгө аты чыккан музыканттын маегин окуганым бар. Ал азиялыктардын үн аппаратынын генетикалык өзгөчөлүгү бар экенин, жалпысынан башкалардан жакшы ырдаарын айтыптыр.

— Балким андай жагы да бардыр. Чет өлкөлөрдө дүйнөнүн булуң-бурчунан келген ырчылар менен күч сынашууга мажбурсуң. Айрыкча, африкалык кыздар менен атаандашуу кыйын, алардын үнү укмуш. Ошентсе да Россия жана Украинадан келген ырчылар келбет жагынан артыкчылыкка ээ.

Мирбек Атабеков "Мурас" ырын ырдаган россиялык кызга ыраазы болду

— Бир топ өлкөнү кыдырып чыгыпсыз. Кай жакта иштин шарты мыкты экен?

— Катарда, ал жакта мыкты келишим менен иштедим. Баарын: жол акысын, тамак-аш, жашаган жериңди гана камсыздап тим болбой, жакшы маяна да беришет. Айына 2000 доллар алып, тапканымды түгөл чогултууга мүмкүнчүлүк болгон.

— Бирок Катар — консервативдүү мусулман мамлекети. Катар менен музыкалык концерттерди айкалыштыра албай турам...

— Отелде жайгашкан япон ресторанында иштегем. Скрипкада ойночумун. Ал жакка бардык өлкөлөрдөн туристтер келчү.

Отелде каалагандай кийинесиң, тек гана сыртка чыкканда кийимиң жабык болушу шарт. Андай эрежени унутуп бир жолу курбум менен чолок шым кийген боюнча соода борборуна барып алыпмын. Бизди коопсуздук кызматкери киргизбей, узунураак кийим кийип келүүмдү өтүндү. Кудай жалгап, курбумдун күрмөсү жанында экен. Буттарымды жабыш үчүн аны байланып алдым. Ошондо гана эмкиде жабык кийинип келүүбүздү эскертип, киргизишти. 

© Фото / предоставлено Нурай Догдурбай кызыНурай Догдурбай кызы: Чет өлкөлөрдө дүйнөнүн булуң-бурчунан келген ырчылар менен күч сынашууга мажбурсуң. Айрыкча, африкалык кыздар менен атаандашуу кыйын, алардын үнү укмуш. Ошентсе да Россия жана Украинадан келген ырчылар келбет жагынан артыкчылыкка ээ.
Дүйнө кыдырып иштеген бишкектик скрипач кыз: эң начар шарт Дубайда болду - Sputnik Кыргызстан
Нурай Догдурбай кызы: Чет өлкөлөрдө дүйнөнүн булуң-бурчунан келген ырчылар менен күч сынашууга мажбурсуң. Айрыкча, африкалык кыздар менен атаандашуу кыйын, алардын үнү укмуш. Ошентсе да Россия жана Украинадан келген ырчылар келбет жагынан артыкчылыкка ээ.

— Кайсы өлкөдө иш шартыңыз начар эле?

— Дубайда. Тапканым бүт батирге эле кетчү. Бир чыкканыма 200 доллардан беришчү, ал эми аптасына үч эле жолу чакырышат. Жашаган жериме, тамак-ашыма төлөнчү эмес, Дубай эң кымбат шаар эмеспи. Бөлмөнү 900 долларга ижаралачубуз, ошондой эле транспортко да көп сарптоого туура келет. Натыйжада ал жакта иштөө пайдасыз болуп калды. Ошону менен бирге эле негедир бир шарты бар эле. Келишим аяктаганда 30 күндөн кийин гана акчаңды төлөп беришет.

Азыр коронавирустун айынан дүйнөдөгү музыканттар жумушсуз отуруп калышты. Негизинен 1000 доллардын тегерегинде төлөшөт, эгер жол кире, жашаган жериңе кеткен чыгымдарды кемитсең, колуңда аз эле калат.

Балдар видеороликтери менен укмуштай акча тапчубуз. Дасыккан ютубердин баяны

— Колунда бар адамдардын алдында концерт бересиздер, кымбат баалуу белек тапшыргандар болду беле?

— Жок, кымбат белек алган эмесмин. Негизинен, гүлдесте беришет.

— Айрымдар кыздардын чет өлкөдө иштегенин укканда "ата-энелеринен алыста эмне менен алектенип жүрөрүн билебиз" деп коюшат. Мындайга кабылган белеңиз?

— Жок, мен өз ишимден түз эфирге чыгып турам. Туура эмес иштер менен алектенет деп шектенүүгө негиз жок. Чет жакка консумацияга иштөө үчүн барган кыздарды билем. Мындайда келишим боюнча меймандар менен баарлашып, ага кымбат баалуу ичимдиктерди алдырышы керек. Алардын маянасы меникинен кыйла төмөн. Ошентсе да аларды эч ким алдабайт, алар эмнеге багыт алганын так билишет. Мен жолдуу экенмин, музыкалык билимим бар, ишимди жакшы аткарам. 

© Фото / предоставлено Нурай Догдурбай кызыНурай Догдурбай кызы: Азыр коронавирустун айынан дүйнөдөгү музыканттар жумушсуз отуруп калышты. Негизинен 1000 доллардын тегерегинде төлөшөт, эгер жол кире, жашаган жериңе кеткен чыгымдарды кемитсең, колуңда аз эле калат.
Дүйнө кыдырып иштеген бишкектик скрипач кыз: эң начар шарт Дубайда болду - Sputnik Кыргызстан
Нурай Догдурбай кызы: Азыр коронавирустун айынан дүйнөдөгү музыканттар жумушсуз отуруп калышты. Негизинен 1000 доллардын тегерегинде төлөшөт, эгер жол кире, жашаган жериңе кеткен чыгымдарды кемитсең, колуңда аз эле калат.

— Дүйнөнүн мыкты клубдарынын биринде сахнага чыгыпсыз, ошондон кеп салсаңыз.

— Ооба, Таиландда Illusion деген жай бар, ал планетанын мыкты клубдар рейтингинде 21-сапта турат. Ишке орношуу оңой болгон жок.

Ал Бангла Роуд деген айтылуу көчөдө жайгашкан, жолдун боюнда мыкты клуб, бар, ресторандар иштейт. Туристтердин жайнаганын мындан билиңиз, ар түнү миллиондогон доллар табышат. Аталган клубда дүйнөгө белгилүү диджейлер иштеп, ал жайда ырдап чыгыш — чоң урмат. Италиялык кишинин клубу, негизинен чет элдиктер кирет. Ошол клубга жумушка кирем деп максат койдум.

Таиландга баргандан бир нече ай өтпөй, ал клубга мени ишке алышты! Жаңы жыл тоскон күнү сахнага чыктым. Бир кеч үчүн мага 800 доллар төлөп беришти. Бул майрам негизи музыканттар үчүн эң кирешелүү убак.

— Ойго келбеген окуяларга кабылдыңыз беле?

— Түркияда бир жагымсыз жагдай болгон. Ал жакта улуу муундагы адамдарга гана багытталган отелдер бар. Ошондой жайлардын бирине чакырышты, көрүүчүлөр негизинен улгайган немис улутундагы кишилер эле.

Мен ойногон музыканы угуп эле сүйлөнүп киришти. 80-жылдардагы композицияларды аткарууну талап кылышты. Таптакыр ойногум келген эмес ошол кечте!

Айына 150 миң сом тапкан 18 жаштагы балага таасирленгем. Ишкер Жаманбаевдин маеги

— Азыр кантип күн кечирип жатасыз? Соцтармактагы баракчаңызда үйгө жетүүгө ашыгып турганыңызды жазыпсыз.

— Азыр Малайзияда калып калдым. Каттам жок, иш баштала элек. Топтогон акчам түгөндү. Анан да ата-энемди 8 айдан бери көрө элекмин. Коронавирустун айынан пландарым бузулду, эмгектин баары талаага кетти.

Кирешем болсун деп Сингапурдан бир келишим таптым. Бирок алар да иштин башталышын күтүп жатышат. Кандай болгон күндө да эртеби же кечпи, мунун баары бүтөт. Өз ырларымды аткарып чыгар күн келер.

Жаңылыктар түрмөгү
0