Балдарга жабышкан Кавасаки синдрому. Дарыгер оорунун белгилерин айтты

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүУчреждения для лиц с ограниченными возможностями жизнедеятельности
Учреждения для лиц с ограниченными возможностями жизнедеятельности - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кавасаки — бул COVID-19 инфекциясынын күчөп кеткен бир түрү. Дарыгер КРде коронавирус менен 600дөй бала ооруганын белгилеген.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун директору Камчыбек Узакбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип жатып Кавасаки оорусунун белгилерин атап берди.

Эске салсак, Кавасаки — бул COVID-19 инфекциясынын күчөп кеткен бир түрү.

"Бул илдет адамдын терисинен байкалат. Кичинекей баланын таманы, алаканы шишип, кан тамырлары жарылып денеде кызыл тактар пайда болот. Дене табы көтөрүлөт. Бирок ооруну так аныктоо үчүн дарыгерге кайрылуу керек. Азыркы тапта биздин жумушчу топ бул ооруну кантип аныктап, кандай изилдөөлөрдү жүргүзүү керектигин жана аны дарылоо жолдорунун клиникалык протоколун иштеп чыкты. Жакында ал Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилип, үй-бүлөлүк дарыгерлерге таратылат", — деди дарыгер.

Кавасаки синдромун кошуп. Казакстан COVID жуктурган балдарга өзүнчө протокол даярдады

Узакбаев эгерде балада жогоруда аталган белгилер байкалса, ата-энелерди паникага алдырбоого чакырып, өз убагында дарыгерге кайрылуу керектигин кошумчалады. Ал КРде коронавирус менен 600дөй бала ооруганын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0