Бишкектеги эл катышпаган Эгемендүүлүк салтанатына ким конок болду

Жазылуу
Коноктор аралыкты сактап, бет капчан отурушту. Президент куттуктоо сөзүндө кыйын күндөрдө мекенге кызмат кылган бул адамдарга ыраазычылыгын билдирди.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүк майрамына карата "Ала-Тоо" аянтында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөн майрамдык иш-чарага конок катары дарыгерлер, ыктыярчылар, коргонуу жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле чакырылгандардын арасында вирус күч алып турганда кайрымдуулук иштерине катышып, өздөрү чогулткан акчаларды коронавирус менен күрөшүүгө жардам катары берген бөбөктөрдү дагы көрүүгө болот.

Кыйын күндөр өттү! Президент элди Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады

Коноктор аралыкты сактап, бет капчан отурушту. Президент куттуктоо сөзүндө кыйын күндөрдө мекенге кызмат кылган бул адамдарга ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандын эгемендүүлүккө жеткенине 29 жыл толду. Буга чейин "Ала-Тоо" аянтында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанат өтүп, бирок ага эл чакырылбасы айтылган. Кечки саат 22:00дө майрамдык салют атылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0