Асел Кадырбекованы сүзүп кеткен айдоочуну ырчынын үй-бүлөсү кечирди

© Фото / Нурмухаммед СариевЫрчы Асел Кадырбекова жубайы Нурлан Насип менен. Архив
Ырчы Асел Кадырбекова жубайы Нурлан Насип менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурлан Насип жубайынын дарылануусуна кылмышка шектүүдөн акча талап кылбаганын айтып, болгону автоунаасын кайра калыбына келтирип берүүнү суранганын белгилеген.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Асел Кадырбекованын үй-бүлөсү ырчыны автокырсыкка кептеген айдоочуну кечирди. Бул тууралуу анын жолдошу Нурлан Насип YouTube-блогерге маек берип жатып билдирген.

Нурлан Насиптин айтымында, ал кырсыкка себепкер болду деген айдоочуну аялы үчүн кечирген. Ал эми тосмо арызды анын кайненеси, Кадырбекованын апасы жазып берген.

Айдоочу ГБРдин автоунаасына жол бошотуп берүүгө милдеттүүбү? Эрежелер

"Асел өзүнө келип, жашоого кайтканына Кудайга миң мертебе ыраазыбыз. Бир четинен бул бөөдө кырсык. Бирок Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) айдоочусу жубайымдын автоунаасын катуу ылдамдыкта келип сүзгөн. Башында аябай жинденгенбиз. Бирок кийин кайра ойлонуп, ал жигиттин тагдырын талкалабай эле коелу деп чечтик", — деген ырчынын жолдошу.

Ал жубайынын дарылануусуна кылмышка шектүүдөн акча талап кылбаганын айтып, болгону автоунаасын кайра калыбына келтирип берүүнү суранганын белгилеген.

Нурлан Насип кырсык көпчүлүккө сабак болгонун да кошумчалап, өзү да автоунаа башкаруудан коркуп калганын айтып өткөн.

Эске салсак, 26-июнда Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry жана Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) Honda Odyssey автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен Camry автокөлүгүндө бараткан Асел Кадырбекова катуу жаракат алган. Мээси чайкалып, моюн омурткалары менен акыреги сынып реанимацияга түшкөн.

Ал эми Кадырбекова менен сүзүшкөн айдоочуга кылмыш иши козголуп, убактылуу бир айга камакка алынган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0