Мектептин айланасына көңүл бурулат. Чүйдө жол чийиндер жаңыртылууда

Жазылуу
Негизги максат — балдардын жол кырсыгына кабылып, өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралышын алдын алуу.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) окуу жылынын башталганына байланыштуу жол белгилерин жаңыртат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Ишке облус аймагында жол кызматтары жардам берет.

"Негизги максат — балдардын жол кырсыктарына кабылып, өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралышын алдын алуу. Андыктан мектептердин жанындагы белгилерге өзгөчө көңүл бурулат", — деп айтылат билдирүүдө.

1-класстын окуучуларын мектепке жана үйгө ташуу каралууда

Ошондой эле жакын арада зарыл богон жерлерге окуучулар атайын баскычын басып, жашыл жарыкты күйгүзүп ала турган жол чырактар коюлары кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0