Курулуш иштери. Архив

Өкмөт: ушул жылы 112 имарат бүтсө, анын жарымы мектеп менен оорукана болот

61
(жаңыланган 21:28 31.08.2020)
Боронов социалдык объектилерди белгиленген мөөнөттө колдонууга берүү керектигин айтып, ошол эле учурда сапатына көңүл бурулушун белгилеген.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Бул жылдын аягына чейин социалдык-маданий багыттагы 112 объектинин  курулушу аяктайт. Анын 70и билим берүү, ал эми 17си саламаттык сактоо уюмдарынын мекемеси экендигин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, премьер-министр Кубатбек Боронов социалдык объектилердин, жолдордун, ичүүчү таза суунун жана ирригация объектилеринин курулуш маселелери боюнча кеңешме курган.

Өкмөт башчы социалдык объектилерди белгиленген мөөнөттө колдонууга берүү керектигин айткан.

"Курулуш иштерин план боюнча аяктоо шарт. Ошол эле учурда алардын сапаттуу бүткөрүлүшүн катуу көзөмөлгө алгыла. Муну менен катар план боюнча 1-сентябрда 11 мектеп колдонууга берилүүгө тийиш. Социалдык объектилерди оңдоо жана курулушун камсыздоо өкмөттүн бирден-бир милдети экенин эсиңерден чыгарбагыла", — деген Боронов.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, быйыл 79 айылга ичүүчү таза суу киргизилет. Учурда бул багыттагы иштер активдүү жүрүүдө.

Кыргызстанда курулуп жаткан 14 ооруканага 206,5 млн. сом сарпталат

Мындан тышкары, төрт ирригациялык объектинин курулушу аяктайт. Алар — Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Өлөң каналы, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Сарымсак каналы, Баткен облусундагы Р-4 вх каналы жана Кадамжай районундагы Молдо Нияз суу чарба пайдалануучулар ассоциациясынын каналы. Булардын бүтүшү менен 2300 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлмөкчү.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшеновдун айтымында, 2020-жылдын аягына чейин стратегиялык маанидеги жолдордун 92 чакырымы курулуп бүтөт. Ал эми район борборлорундагы жолдордун 165 чакырымына асфальт төшөлөт.

Өз кезегинде Боронов объектилерди курууда жана оңдоодо курулуш ченемдери менен эрежелерин аткаруу боюнча талаптарды көзөмөлдөө аркылуу иштин сапатына өзгөчө басым жасоо зарылдыгын белгилеген.

61
Белгилер:
жол, Суу, курулуш, Кубатбек Боронов
Тема боюнча
Өкмөт башчы инвестициялык долбоорлорду талкуулап, бир нечесин жактырды. Тизме
Медициналык кызматкер ооруканада. Архив

COVID: Кыргызстанда 13 киши өтө оор абалда реанимацияда жатат

29
(жаңыланган 12:09 28.09.2020)
Акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID жуктуруп алгандардын саны кайра арбып кетти. Бүгүн, 28-сентябрга карата, 104 кишиден вирус табылды.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустан улам 13 киши өтө оор абалда реанимацияда жатат. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Учурда 700 киши аталган инфекциядан ооруканада дарыланууда.

Алардын ичинен:

  • орто оор абалда — 559 бейтап;
  • оор абалда — 119 бейтап;
  • өтө оор абалда — 13 бейтап жатат.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны кайра арбып кетти. Бүгүн, 28-сентябрга карата, 104 кишиден вирус табылды.

Ош облусунда кечээ бир адамдын көз жумгандыгы кабарланды.

29
Белгилер:
статистика, абал, реанимация, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
ДССУ: коронавирустан дагы миллион адам ажал табышы мүмкүн
Медициналык кызматкер иш учурунда

КРде бир нече аптадан бери алгачкы өлүм катталды. COVID боюнча статистика

54
(жаңыланган 11:41 28.09.2020)
Тилекке каршы, бүгүн Кыргызстанда коронавирустан бир өлүм катталды. Ал эми жуктуруп алгандардын көбү мурдагыдай эле Ош жана Баткен олбустарынан болууда.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 166 бейтап айыкса, 104 кишиден вирус табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 38;
  • Ош шаары– 24;
  • Чүй облусу – 21;
  • Ош облусу – 43;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 5;
  • Баткен облусу – 31.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 19;
  • Ош шаары – 8;
  • Чүй облусу – 6;
  • Ош облусу – 18;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 3;
  • Жалал-Абад облусу – 10;
  • Баткен облусу – 37.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 46 355ке жетти. Анын ичинен 42 919у ооруну жеңди. Тилекке каршы, өткөн суткада бир адам каза таап, илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 1 064тү түздү.

Соңку суткада коронавирустан Ош облусунда бир адам көз жумду

Азыркы учурда стационарда 700 бейтап коронавирустан дарыланып жатса, 1 520 киши медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда.

Бир сутка ичинде эки медик коронавирус жуктуруп алган. Ошол эле учурда үч медик ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылган.

54
Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
ДССУ: бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрү катаал карантин киргизүүгө даяр турушу керек