Ошто майрамга карата COVID менен күрөшкөн кызматкерлер сыйланды. Сүрөттөр

Ошто майрамга карата COVID менен күрөшкөн кызматкерлер сыйланды. Сүрөттөр

95
(жаңыланган 19:09 31.08.2020)
Көрүнбөгөн душман менен кармашууда алдыңкы катарда турган кызматкерлер жана колдоо көрсөткөн ыктыярчы, ишкерлер мэриянын Ыраазычылык катын алды.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Ош шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгы онлайн форматта белгиленди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

  • Праздничное мероприятие на площади Ала-Тоо в Бишкеке в честь 29-й годовщины независимости КР
    Ош шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгы онлайн форматта белгиленди
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Мэр Оша Таалайбек Сарыбашов на праздничном мероприятии на площади Оша в честь 29-й годовщины независимости КР
    Ал эми салтанатка шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов, депутаттар, дарыгерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ишкерлер жана маданият өкүлдөрү катышты
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Мэр Оша Таалайбек Сарыбашов на праздничном мероприятии на площади Оша в честь 29-й годовщины независимости КР
    Мэр эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу борбордук аянтта чакан иш-чара болуп жатканын белгилеп, шаардыктарды куттуктады
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Праздничное мероприятие на площади Ала-Тоо в Бишкеке в честь 29-й годовщины независимости КР
    Шаар башчысы март айынан бери уйку көрбөй эмгектенип келген дарыгерлерге, милиционерлерге, ӨКМдин Ош шаарындагы башкармалыгына, аскерлерге, ыктыярчыларга, колдоо көрсөткөн ишкерлерге жана меценаттарга калаа тургундарынын атынан алкыш айтып, мэриянын Ыраазычылык катын тапшырды
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Праздничное мероприятие на площади Ала-Тоо в Бишкеке в честь 29-й годовщины независимости КР
    Алардын арасында тазалык, транспорт, билим берүү тармагындагы кызматкерлер, ЖМК өкүлдөрү да бар. Ошондой эле жеке менчик медициналык клиникалардын жамааты да көңүл сыртында калган эмес.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 5
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Ош шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгы онлайн форматта белгиленди

Ал эми салтанатка шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов, депутаттар, дарыгерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ишкерлер жана маданият өкүлдөрү катышты.

Мэр эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу борбордук аянтта чакан иш-чара болуп жатканын белгилеп, шаардыктарды куттуктады.

“Быйылкы жыл биздин өлкөбүз, анын ичинде Ош шаарында да чоң сыноо —  коронавирус илдети менен коштолду. Ушундай апаатта кеменгер элибиз бийик улуттук намысын, терең адамдык ариетин далилдеп, илдет катталган алгачкы күндөрү эле биримдигин, сабырдуулугун, мекенчилдигин көрсөтө алды”, — деп белгилеген Сарыбашов.

Жээнбеков COVID менен күрөшкөн 90 кызматкерге мамлекеттик сыйлык ыйгарды. Тизме

Шаар башчысы март айынан бери уйку көрбөй эмгектенип келген дарыгерлерге, милиционерлерге, ӨКМдин Ош шаарындагы башкармалыгына, аскерлерге, ыктыярчыларга, колдоо көрсөткөн ишкерлерге жана меценаттарга калаа тургундарынын атынан алкыш айтып, мэриянын Ыраазычылык катын тапшырды. Алардын арасында тазалык, транспорт, билим берүү тармагындагы кызматкерлер, ЖМК өкүлдөрү да бар. Ошондой эле жеке менчик медициналык клиникалардын жамааты да көңүл сыртында калган эмес.

Майрамдык иш-чара Ош облустук драм театрынын артисттери тарабынан даярдалган театрлаштырылган көрүнүш менен башталып, шаардык маданият башкармалыгы уюштурган ырчылардын концерттик программасы менен уланды. 

95
Белгилер:
Таалайбек Сарыбашев, сыйлык, эгемендүүлүк, майрам, Ош мэриясы, Ош шаары
Тема боюнча
Бишкекте 6 мүнөт салют атуу үчүн бюджеттен 700 миң сом жумшалат
Жээнбеков кыргызды ушу кезге чейин эмне сактап келгенин айтты
Ош облусунун Өзгөн районунда 200 орундуу мектептин курулушу аяктап, ишке берилди

Өзгөндө 200 орундуу мектеп курулуп, пайдаланууга берилди. Сүрөт

13
Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 32 миллион 700 миң сом бөлүнгөн. Мектептин спорт залынын курулуш иштери уланууда.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районунда 200 орундуу мектептин курулушу аяктап, ишке берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

 

  • Церемония открытия новой школы на 200 мест в Узгенском районе Ошской области
    Ош облусунун Өзгөн районунда 200 орундуу мектептин курулушу аяктап, ишке берилди
    © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
  • Церемония открытия новой школы на 200 мест в Узгенском районе Ошской области
    Алча-Башат айылында жайгашкан №86 Кысык-Алма орто мектебинин ачылышына министрликтин статс-катчысы Жапаркул Ташиев катышкан.
    © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
  • Начало строительствановой школы в Узгенском районе Ошской области
    Мындан сырткары, ушул эле райондун Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Т. Оморкулов атындагы мектептин жаңы 150 орундуу имаратынын (спорт залы менен бирге) курулушу башталды
    © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
  • Начало строительствановой школы в Узгенском районе Ошской области
    Аталган мектеп 1990-жылы салынган. Анын 1-корпусу 2015-жылдын 17-ноябрындагы жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келген.
    © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
1 / 4
© Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
Ош облусунун Өзгөн районунда 200 орундуу мектептин курулушу аяктап, ишке берилди

Алча-Башат айылында жайгашкан №86 Кысык-Алма орто мектебинин ачылышына министрликтин статс-катчысы Жапаркул Ташиев катышкан.

 

"Мектептин курулушу 2015-жылы башталып, республикалык бюджеттен 32 миллион 700 миң сом бөлүнгөн. Мектептин ашканасы заманбап талапка ылайык салынган. Компьютердик классы бар. Мектептин спорт залынын курулуш иштери уланууда", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, ушул эле райондун Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Т. Оморкулов атындагы мектептин жаңы 150 орундуу имаратынын (спорт залы менен бирге) курулушу башталды.

Аталган мектеп 1990-жылы салынган. Анын 1-корпусу 2015-жылдын 17-ноябрындагы жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келген. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 54 миллион сом бөлүнгөнү маалым болду.

13
Белгилер:
Билим берүү жана илим министрлиги, курулуш, курулуш материалдары, Өзгөн
Тема боюнча
Министрлик: окуучулар мектепке октябрда барар-барбасы арсар
Сиэтл Сихокс командасынын башкы машыктыруучусу Пит Кэрролл. Архивдик сүрөт

Америка футболунун бет капсыз насаатчысы 100 миң доллар айыпка жыгылды

16
Башкы машыктыруучусунун бет кабы жок болгону үчүн "Сихокс" клубу да айыпка жыгылып, 250 миң доллар төлөмөй болду.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. АКШдагы Улуттук футбол лигасы (УФЛ, америкалык футбол) "Сиэтл Сихокс" командасынын башкы машыктыруучусу Пит Кэрроллго бет капсыз жүргөнү үчүн 100 миң доллар айып салды. Бул тууралуу аталган спорттук уюмдун сайтында айтылганын РИА Новости жазды.

Насаатчы өз командасы "Нью-Ингленд Пэтриотс" клубун кабыл алган оюнда бет кап тагынган эмес. Беттеш жекшемби күнү Сиэтл шаарында өтүп, талаа ээлери 35:30 эсебинде утуп алышкан. Башкы машыктыруучусунун бет кабы жок болгону үчүн "Сихокс" клубу да айыпка жыгылып, 250 миң доллар төлөмөй болду.

КРдеги футболдук үч клубга айып салынды. Машыктыруучу 50 миң сом төлөйт

Жекшемби күндөгү оюндарда бет капсыз иштегендиги үчүн башкы машыктыруучулар Кайл Шэнахен ("Сан-Франциско Форти Найнерс" клубу), Вик Фанхио ("Денвер Бронкос"клубу) жана алардын клубдарына ушундай эле өлчөмдөгү айып салынган.

16
Белгилер:
жаза, айып, бет кап, Америка
Тема боюнча
Штаб: коомдук жайларда бет кап тагынбагандар эми жазаланышы мүмкүн