Бишкекте 1-сентябрдан тарта коомдук транспорт тыныгуусуз иштейт

© Sputnik / Табылды КадырбековАялдамада транспорт күтүп жаткан жүргүнчүлөр. Архив
Аялдамада транспорт күтүп жаткан жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан ары эл ташыган транспортторго эртеден кечке чейин тыныгуусу жок иштеп, каттамга чыгышына чектөө коюлбайт.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Борбор калаада 1-сентябрдан тарта коомдук транспорт мурдагыдай режим менен тыныгуусуз иштеп баштайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Учурда автобус, троллейбус жана маршруткалар күн сайын тыныгуу менен (саат 11.00дөн 14.00гө чейин) каттамга чыгып жаткан.

Мындан ары Ош шаарында базарлар бир күн түшкө чейин гана жабылат

Мындан ары эл ташыган транспортторго эртеден кечке чейин тыныгуусу жок иштеп, каттамга чыгышына эч кандай чектөө коюлбайт.

Ошол эле учурда мэрия салондун тазалыгын жана дезинфекция жүргүзүлүп жатканын текшерип турарын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0