Бишкектеги Караван соода борборунун ижарачылары аталган объектинин сатылышына нааразычылык билдиришип, митингге чыгышты

Бишкектин чок ортосунда нааразычылык акциясы өтүп жатат. Сүрөт

327
"Караван" соода борборун электрондук сатыкка коюуга каршы жүзгө жакын адам акцияга чыкты. Алар президенттен жардам сурашууда.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бишкектеги "Караван" соода борборунун ижарачылары аталган объектинин сатылышына нааразы болуп, митингге чыгышты. Жеринен кабарчыбыз билдиргендей, акцияга жүзгө жакын адам катышууда.

  • В Бишкеке арендаторы бутиков торгового центра Караван вышли на митинг против продажи объекта
    Бишкектеги "Караван" соода борборунун ижарачылары аталган объектинин сатылышына нааразычылык билдиришип, митингге чыгышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • В Бишкеке арендаторы бутиков торгового центра Караван вышли на митинг против продажи объекта
    Акцияга жүздөй киши чогулган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • В Бишкеке арендаторы бутиков торгового центра Караван вышли на митинг против продажи объекта
    Нааразычылык билдиргендер электрондук сатык боюнча мыйзам кабыл алынса, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду онлайн-аукцион аркылуу бутиктерди сатыкка коёт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • В Бишкеке арендаторы бутиков торгового центра Караван вышли на митинг против продажи объекта
    Ишкерлер бул өз кезегинде ижара акысын кымбаттатат деп тынчсызданышууда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • В Бишкеке арендаторы бутиков торгового центра Караван вышли на митинг против продажи объекта
    Ижарачылар жылдап акчаларын сарптап бутиктерди жана соода жайын элге таанымал кылса, анан анын Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан сатылып кетиши акыйкатсыз болорун белгилешүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • В Бишкеке арендаторы бутиков торгового центра Караван вышли на митинг против продажи объекта
    "Караван" соода борбору Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевден мамлекетке алынып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун эсебине өткөрүлүп берилген.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 6
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкектеги "Караван" соода борборунун ижарачылары аталган объектинин сатылышына нааразычылык билдиришип, митингге чыгышты

Нааразычылык билдиргендер электрондук сатык боюнча мыйзам кабыл алынса, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду онлайн-аукцион аркылуу бутиктерди сатыкка коёт. Ишкерлер бул өз кезегинде ижара акысын кымбаттатат деп тынчсызданышууда.

Ижарачылар жылдап акча сарптап бутиктерди жана соода борборун элге таанымал кылса, анан анын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан сатылып кетиши акыйкатсыз болорун белгилеп жатышат.

Бул соода ишкерлери митингге чыккан биринчи окуя эмес. Буга чейин акциялар соода борбордун жана Ак үйдүн жанында өткөн. Митингге чыккандар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, өз кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүүсүн өтүнүүдө.

Мэрия Бишкектеги ондогон жарнама такталарды алат

"Караван" соода борбору Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевден мамлекетке алынып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун эсебине өткөрүлүп берилген.

 

327
Белгилер:
митинг, Бишкек, соода, ижара
Тема боюнча
Бүтпөгөн жер көйгөйү: трансформация мыйзамына нааразылар митингге чыкты
Медициналык кызматкер иш учурунда

КРде бир нече аптадан бери алгачкы өлүм катталды. COVID боюнча статистика

37
(жаңыланган 11:41 28.09.2020)
Тилекке каршы, бүгүн Кыргызстанда коронавирустан бир өлүм катталды. Ал эми жуктуруп алгандардын көбү мурдагыдай эле Ош жана Баткен олбустарынан болууда.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 166 бейтап айыкса, 104 кишиден вирус табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 38;
  • Ош шаары– 24;
  • Чүй облусу – 21;
  • Ош облусу – 43;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 5;
  • Баткен облусу – 31.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 19;
  • Ош шаары – 8;
  • Чүй облусу – 6;
  • Ош облусу – 18;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 3;
  • Жалал-Абад облусу – 10;
  • Баткен облусу – 37.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 46 355ке жетти. Анын ичинен 42 919у ооруну жеңди. Тилекке каршы, өткөн суткада бир адам каза таап, илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 1 064тү түздү.

Соңку суткада коронавирустан Ош облусунда бир адам көз жумду

Азыркы учурда стационарда 700 бейтап коронавирустан дарыланып жатса, 1 520 киши медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда.

Бир сутка ичинде эки медик коронавирус жуктуруп алган. Ошол эле учурда үч медик ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылган.

37
Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
ДССУ: бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрү катаал карантин киргизүүгө даяр турушу керек
Медициналык кызматкер COVID-19 бейтаптын колун кармап турат

Соңку суткада коронавирустан Ош облусунда бир адам көз жумду

64
(жаңыланган 11:39 28.09.2020)
Кыргызстанда жайылгандан бери коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 46 355 кишиге жетти. Өлкөдө аталган вирус кайрадан баш көтөрүүдө.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Акыркы суткада Кыргызстанда COVID-19дан бир адам көз жумгандыгын Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

“Соңку суткада коронавирустан Ош облустар аралык ооруканасында дарыланып жаткан адам каза тапты”, -деп айтылган билдирүүдө.

Муну менен коронавирустан көз жумгандардын саны 1064 адамга жетти. Ал эми ооруну жуктуруп алгандардын саны 46 355 киши болду.

64
Белгилер:
каза болду, коронавирус, Ош облусу, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
"Манас" аэропортундагы узун кезек. Жүргүнчү бүгүнкү окуяны сүрөттөдү