Ысык-Көл облусундагы күндүзгү стационарлардын бири. Архив

Ысык-Көлдө күндүзгү стационарлар жабылды

64
(жаңыланган 19:35 01.09.2020)
Эпидемия башталгандан бери 119 күндүзгү стационар ачылып, аларда 1 миң 655 орун түзүлгөн. Аларда 500дөн ашык кычкылтек концентратору пайдаланылган.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда бардык күндүзгү стационарлар жабылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

"Эпидемия башталгандан бери 119 күндүзгү стационар ачылып, аларда 1 миң 655 орун түзүлгөн. Азыр бардыгы жабылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Облустук жана райондук аймактык ооруканаларда кычкылтек тутумдары орнотулуп, мындан сырткары, облус боюнча 1 014 кычкылтек концентратору бар, алардын 593 даанасы ооруканаларда, калгандары күндүзгү стационарларда сакталып турат. Облус боюнча 15 стационардык жана төрт көчмө рентген аппараты бар.

Баткенде оору азайып, күндүзгү стационардын бардыгы жабылды. Сүрөт

Маалыматка караганда, учурда облус аймагында алты аймактык оорукана, алты үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, эки жалпы дарыгерлик практика борбору, 53 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 120 фельдшердик акушердик пункт бар. Аларда 740 дарыгер, 2 144 медайым жана облуска сырттан келген 52 дарыгер эмгектенүүдө.

Буга чейин Бишкекте жана айрым аймактарда стационарлар жабылган эле.

64
Белгилер:
Ысык-Көл облусу, стационар, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2873)
Тема боюнча
Кечээ 60 кишиден COVID аныкталса, 190 адам ооруну жеңип чыкты. Статистика
Бишкекте акыркы стационар жабылды
Пожар в московском ночном клубе Опера

Кеминде май куюучу жай өрттөнүп жатабы? Видео

0
Өрт боюнча азырынча ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Видео социалдык тармакка жүктөлдү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда ири өрт чыкты.

Видео "Короче". Telegram-каналына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, күйүүчү май куюучу жай өрттөнүп жатат.

ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Чүй облусу башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү тастыктап, эки өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткенин билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча май куйган бекеттин жанында кичи автобус күйүп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилери айтышты.

0
Белгилер:
Кемин, өрт, Күйүүчү май, май куюучу бекет, ӨКМ

Аябай бактылуу болуп турам! Акаевдин сурактан чыккандан кийинки маеги видеодо

45
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Бишкекке 16 жылдан кийин кайтып келип, УКМКга сурак берди. Ал Кумтөр кенине байланышкан кылмыш иши боюнча тергөөнүн алкагында чакырылган.

Мурдагы мамлекет башчы УКМК имаратынын ичинде суракта бир нече саат отуруп чыкты. Ал чыгып бара жатып журналисттердин суроолоруна да жооп берди.

Акаев билген маалыматтарын бөлүшүүгө жана мекенине келүүгө уруксат бергени үчүн Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле тергөө иштери менен өлкөдө бир жума жүрүп кайра Москвага кетерин айтты. Ал эртең дагы сурак берүү үчүн УКМКга келет.

Акаев бүгүн мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен жолукканын белгилеп, ага ыраазычылык айтты.

"Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. Себеби 16 жылдан бери биринчи ирет Ата журтка, элибизге келип отурам. Кумтөр боюнча билгенимдин баарын айтып берип, өлкөгө жардам берем. УКМК төрагасына ыраазычылык билдирем, мени жакшы тосуп алып, көңүл буруу менен мамиле кылышты. Болгон чындыкты чын жүрөктөн айтуу үчүн келдим ", — деди мурдагы президент.

Буга чейин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирген.

Ушул эле иш боюнча бир катар аткаминер, депутаттар кармалды. Анын арасында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов (кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди) да бар.

45
Белгилер:
Аскар Акаев, кылмыш, Кумтөр, сурак, келүү
Тема боюнча
Аскар Акаев Кыргызстанга канча убакытка келгенин айтты
Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолуктум, ага ыраазымын!