Бир да медиктен COVID чыккан жок. Коронавирус тууралуу жаңы статистика

© AFP / ALAIN JOCARDСитуация во Франции по случаю коронавируса
Ситуация во Франции по случаю коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус жугузуп алгандардын көбү Бишкек шаарында жана Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында болду.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Өлкө боюнча өткөн суткада коронавирустан 246 бейтап айыкса, 78 кишиден вирус табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Бир сутка ичинде COVID-19дан сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек шаары – 137;
  • Ош шаары – 8;
  • Чүй облусу – 7;
  • Ош облусу – 11;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 25;
  • Жалал-Абад облусу – 31;
  • Баткен облусу – 19.

Бир сутка ичинде коронавирус жуктурган жаңы учурлар:

  • Бишкек шаары – 23;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 10;
  • Ош облусу – 3;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 11;
  • Жалал-Абад облусу – 13;
  • Баткен облусу – 12.

Бактыга жараша, өлүм катталган жок. Кыргызстанда вирус жалпы 1 060 адамдын өмүрүн алган.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус 44 036 адамдан табылса, анын 38 895и ооруну жеңди.

Кечээ 60 кишиден COVID аныкталса, 190 адам ооруну жеңип чыкты. Статистика

Дагы бир жакшы кабар, медиктер арасында вирус жугузуп алгандар катталган жок. Ошол эле учурда 13 медицина кызматкеринин илдеттен айыкканы маалым болду.

Азыркы тапта коронавирус жуктурган 670 бейтап стационарда, 4 799 адам үйүнөн дарыланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0