Августта 1 120 балага COVID жуккан. Бейтаптарды кабыл алчу ооруканалардын тизмеси

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер бала менен ооруканада . Архив
Медициналык кызматкер бала менен ооруканада . Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда республика боюнча COVID-19га чалдыккан балдарды кабыл алууга 2 356 орун даяр. Алар негизинен Бишкек шаарында жана өлкөнүн түштүк аймагында.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Август айында Кыргызстан боюнча 14 жашка чейинки 1 120 бала коронавируска кабылды. Бул тууралуу брифинг учурунда Квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун анестезиология жана реанимация курсу менен педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова билдирди.

"Анын ичинен бир жашка чейинкилер — 117, 354 бала 1-5 жаштагылар, ал эми 649 бала 6-14 жаштагылар", — деди адис.

КРде балдар пневмониясын дарылоого протокол даярдалып, 2000 керебет коюлду

Ошондой эле ал учурда республика боюнча COVID-19га чалдыккан балдарды кабыл алууга 2 356 керебет даяр экенин айтты. Алар төмөндөгү ооруканаларда жайгашкан:

  • Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
  • Бишкектеги №3 шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы;
  • Ош облустар аралык клиникалык балдар ооруканасы;
  • Кара-Суу аймактык балдар ооруканасы;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасы.

Мындан тышкары, аймактык ооруканалардын балдар бөлүмү дагы коронавируска кабылган бөбөктөрдү кабыл алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0