Первоклассники школы-гимназии №24 пришли на занятия впервые, после начала эпидемиологической ситуации связанной с COVID-19. 01 сентября 2020 года

Тескери басылган герб, гимн. Окуу китептеги одоно ката боюнча министрлик жооп берди

(жаңыланган 18:02 02.09.2020)
Колдонуучу одоно катаны "Кыргызстандын тарыхы жана дүйнөлүк тарых" аттуу окуу китебинен көргөн. Ал болгондо да китептин эң биринчи бетинде экени көрүнүп турат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Соцтармакта окуу китебинин биринчи бетинде өлкөнүн негизги атрибуттары болгон герб, туу жана гимн тескерисинен басылган видео пайда болду.

Аталган видеону Facebook тармагына Сара Камалова аттуу колдонуучу жарыялаган.

Айтымында, бул катаны ал 5-класстардын "Кыргызстандын тарыхы жана дүйнөлүк тарых" аттуу окуу китебинен көргөн. Мөөр басылган китепти Бишкек шаарындагы № 74 мектептен алышкан.

"Жаңы тарых китеби. Орус тилдүү мектептердеги 5-класстар үчүн чыгарылган. Китеп жаңы, бирок барактаганда эле одурайган катасы билинет. Болгондо да мамлекеттик атрибуттарыбызды тескерисинен басып чыгарышкан. Буга ким күнөөлүү, басмакананын кызматкерлериби же даяр басылып бүткөн жаңы окуу китебин көздөн өткөрүп, текшерип көзөмөлдөп туруп анан колдонууга чыгарган Билим берүү министрлигиби?!... Башка бети тескерисинен басылса да унчукмак эмесмин, көз жумуп койсок болмок, бирок биринчи бети, болгондо да эгемендүү Кыргызстаныбыздын мамлекеттик герб, гимн, тууларын тескери басып чыгып, аны окуучуларга таркатып жаткандарга эмне десек жарашат?!..." — деп жазган ал.

Билим берүү жана илим министрлиги китепте мөөр басылганына ынангандан кийин гана жооп берди.

Жусупбекова: китеп басып чыгарууда басмаканалардын жоопкерчилиги күчөтүлөт

"Интернет тармагында жайылып жаткан 5-класстар үчүн "Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы" китебинин биринчи бетинде мамлекеттик гимн, герб жана туу тескери басылып, полиграфиялык ката кеткен. Республиканын жалпы билим берүү уюмдарына окуу китеп жеткирилгенде китепканачы аларды карап чыккандан кийин гана кабыл алат. Министрлик буга чейин бардык тиешелүү билим берүү уюмдарына полиграфиялык ката кеткен китептер болсо, аны алмаштыруу боюнча нускама жөнөткөн. Кокус ушундай учурлар аныкталып калса, басмакана тарабынан китептер алмаштырылып берилет. Бишкек шаарындагы №74 мектеп-лицейинде катталган бул жалгыз гана учур", — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Мектеп жетекчилигине аталган китепти ата-эне менен байланышып алмаштырып берүү боюнча тапшырма берилгени кошумчаланды.

Белгилер:
социалдык тармак, колдонуучу, пост, гимн, герб, ката, китеп, Кыргызстан
Тема боюнча
Беш тилде окуса болот. Баткенде 22 мектепке электрондук китепкана орнотулду
Укол даярдап жаткан дарыгер. Архив

Вице-премьер Кыргызстан өзүн кантип вакцина менен камсыздай турганын айтты

(жаңыланган 19:19 19.04.2021)
Вице-премьерге Кыргызстанда вакцина өндүрүүгө же "Ысык-Көл тамыры" кайнатмасын даярдоого каражат бөлүнөр-бөлүнбөсү тууралуу дагы суроо узатылды.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстан вакцинаны гуманитардык жардам линиясы аркылуу алууну жана өндүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу вице-премьер, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

Вице-премьерге элди вакцина менен толук камсыздоо үчүн мамлекеттин акчасы жетеби деген суроо узатылган.

"Толук камсыздоого каражат, албетте, жетпейт. Көпчүлүк бөлүгүн гумжардам түрүндө алабыз. Буга чейин Sinopharm препаратынын 150 миң дозасы келген. Бирок эки миллион адамды эмдеш керек. Бул маселе боюнча Саламаттык сактоо министрлиги Россия жана Казакстан менен иш алып барууда. Себеби Караганда фармацевтикалык заводунда "Спутник V" вакцинасы менен кошо казак өндүрүшүндөгү препарат чыгарылууда. Биз коронавирус менен күрөшүүгө эки миллиард сом бөлгөнүбүз менен ал жетишсиз", — деди финансы министри.

Ага ошондой эле Кыргызстанда вакцина өндүрүүгө же "Ысык-Көл тамыры" кайнатмасын даярдоого каражат бөлүнөр-бөлүнбөсү тууралуу дагы суроо узатылды.

"Бул маселе кечээ жакында президент менен жолугушууда каралган. Биз вакцина чыгарууга шарт түзүп беришибиз керек. Адистер буга мүмкүнчүлүктүн бар-жогун анализдеп жатышат. Бул маселени президент койгон", — деди ал.

Вице-премьер мамлекет башчы менен жолуккан кезде дары чөп кайнатмасын өндүрүү жөнүндө сөз болбогонун кошумчалады.

Белгилер:
Улукбек Кармышаков, президент, вакцина, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Кыргызстанда канча адам коронавируска каршы вакцина алганы айтылды
Кыргызстанга жакында 30 миң доза "Спутник V" вакцинасы алып келинет
Дарыгер. Архив

COVID: дарылануунун жаңы протоколу чыкты, уу коргошун да жазылганбы?

(жаңыланган 19:12 19.04.2021)
Коронавирустан дарылануунун жаңы протоколу 245 беттен турат. Буйрукка 16-апрелде кол коюлганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту аныктоо жана дарылоо боюнча бешинчи протоколду бекитти.

Буйрукка 16-апрелде кол коюлган. 38 пункттан турган документте коронавирустун эпидемиясын, этиологиясын жана патофизиологиясын аныктоо, диагноз коюу, бейтаптардын айрым топторун дарылоо боюнча сунуштарды карап чыгуу жана башкалар камтылган. Ошондой эле коронавирустун мутацияланып кетиши мүмкүндүгү да жазылган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мындан сырткары, протоколдо бейтаптарга далилденбеген дары-дармектерди, ошондой эле ооруну жеңил жана орточо көтөргөндөргө антибиотиктерди бербеш керектиги сунушталган. Анда антикоагулянттарды колдонуунун да жол-жобосу жазылганы айтылды.

Документте аконитти (Ысык-Көл тамыры, уу коргошун) колдонуу тууралуу жазылган эмес. Протоколдун электрондук версиясы менен министрликтин сайтынан таанышууга болот.

Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту уу коргошун менен дарылоону сунуштады. Бул дары чөптү президент Садыр Жапаров өзү кайнатып жасап жатканы белгилүү болгон. Президент менен министрдин дарылоо ыкмасы коомчулукту таң калтырып, түрдүү пикирлерди жаратууда.

Белгилер:
протокол, дарылоо, уу коргошун, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Эки окуучудан COVID-19 табылды. Ошто №20 мектеп карантинге жабылды
Кыргызстандын аэропортторуна чектөөлөр киргизилүүдө