Дагы шамал болот, автоунааны бактын түбүнө койбогула. Мэрия эскертти

© AFP / Tobias SCHWARZ / dpaПоследствия урагана в Берлине
Последствия урагана в Берлине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия кырсыктан алыс болуу үчүн автоунааларды бактардын жана жеңил-желпи курулган объектилердин алдына токтотпоону эскерткен.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Борбор калаада бир саат аралыгында жана кеч курун катуу шамал жана добул болушу күтүлүп жатат. Бул кабарды муниципалитеттин маалымат кызматы таратты.

"Кыргызгидромет борбору Бишкек шаарында жакынкы бир саатта жана кечинде аба ырайы бузуларын билдирди. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетери айтылды", — деп билдирген маалымат кызматы.

Синоптиктер күздүн биринчи жумасында аба ырайы кандай болорун айтышты

Мэрия шаардыктардын үйдө болуп турушун суранган. Ал эми кырсыктан алыс болуу үчүн автоунааларды бактардын жана жеңил-желпи курулган объектилердин алдына токтотпоону эскерткен.

Эгерде кулаган бак болсо, "Бишкек жашыл чарба" ишканасына 0770 830006 телефон номерлерине кайрылууну эскерткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0