Кыргызстанда кинотеатрлар 25-сентябрдан тарта иштеши мүмкүн

© REUTERS / HENRY NICHOLLSКинотеатрдагы көрүүчүлөр. Архив
Кинотеатрдагы көрүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кино көрсөтүүчү жайлардын ачылышы тууралуу комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстандагы кинотеатрларды 25-сентябрдан тарта ачууну сунуштап жатат. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдагы маалымат булактары билдирди.

Маалымат булагы бул маселе туурасында штабдын жыйындарынын биринде кеп болгонун, акыркы чечимди штаб кабыл аларын айтты.

Министрлик: коронавирус басаңдай элек, күрөштү токтотуу али эрте!

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз бөлүмүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин Бишкек шаарындагы кинотеатр ээлери 2-сентябрдан тарта иштөөгө уруксат берүүнү бийликтен өтүнүшкөн эле.

Мекеме кинотеатр ээлеринин премьер-министр Кубатбек Бороновго, экономика министри Санжар Муканбетовго, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго жана Бишкек мэри Азиз Суракматовго жасаган кайрылуусун жарыялаган

Киночулар март айындагы карантиндик чектөөлөргө чейин эле жумуштары токтогонун билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0