“Тазалык”: Бишкектин жаңы конуштары таштанды чыгаруунун акысын төлөбөй келет

© Фото / пресс-служба МП "Тазалык""Тазалык" ишканасынын кызматкерлери. Архив
Тазалык ишканасынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясы 1-сентябрга катара таштанды үчүн карыз 958 миң 945 сомго жеткенин билдирди. Анын ичинен Рухий Мурас конушунан 340 абонент 399 миң 660 сом, Алтын Ордодон 301 абонент 559 миң 285 сом карыз.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бишкектин четиндеги Рухий Мурас жана Алтын Ордо жаңы конуштарынын тургундары таштандыны чыгарып кетүүнүн акысын көп жылдан бери төлөй элек. Бул тууралуу "Тазалык" ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

"Бул жаңы конуштарда таштандыны "Комтранском" ЖЧКсы чыгарып кетет. Бирок элдин карызы көп болуп кеткендиктен, бул аптада таштанды чыгарылбайт, көчөлөрдө кала берет”, — деди Каракеева.

Ал көпчүлүк жаңы конуштарда таштанды чыгаруучу ишканаларда карыздары бар экенин, бирок бул экөөнүкү аябай эле көп экенин кошумчалады.

Эл вируска карабай келген. "Ала-Тоо" аянтынан 2 тонна таштанды чыкты

Бишкек мэриясы 1-сентябрга катара таштанды үчүн карыз 958 миң 945 сомго жеткенин билдирди. Анын ичинен Рухий Мурас конушунан 340 абонент 399 миң 660 сом, Алтын Ордодон 301 абонент 559 миң 285 сом карыз.
Таштанды чыгаруу үчүн бир айлык тариф бир кишиге 22,5 сом, пенсионерлерге 6 сом.

Жаңылыктар түрмөгү
0