БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы видеосабактар, электрондук китептер жайгаштырылган сайттарды тизмектеп, алардын артыкчылыктарын айтып берди.
Эске салсак, өлкө боюнча 2-11-класста окугандар эпидемиологиялык кырдаалдан улам аралыктан билим алышууда.
Беш тилде окуса болот. Баткенде 22 мектепке электрондук китепкана орнотулду
Окуучулар үчүн видеосабактар ЭлТРдин "Илим жана Билим" (5-11-класс), КТРКнын "Баластан" (1-4) телеканалдарынан берилүүдө.
"Эфирге чыккан видеосабактардын баары министрликтин сайтына жана билим берүү порталына жарыяланып жатат. oku.edu.gov.kg порталында мугалим, ата-энелер үчүн методикалык иштелмелер дагы жайгаштырылган", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, kitep.edu.gov.kg/kg электрондук китепканасы иштеп жатат. Бул жерге 700дөн ашуун мектеп программасына тийиштүү китептер үч тилде (кыргыз, орус жана өзбек) жайгаштырылган. Маалым болгондой, ал жакта тиешелүү бөлүмдөргө кирип, классты тандап, ар бир предмет боюнча китептерди көчүрүп алууга же болбосо ошол жерде онлайн окууга да болот.
Окуу китептерин https://lib.kg/lib/school/ дарегинен да табууга болот.
ibilim.kg сайты башталгыч класстар үчүн иштелип чыккан. Бул сайт кошумча билим берүү ресурсу катары сунушталат.
"Билим булагы" сайты математика, физика, химия, биология, география, тарых, дүйнөлүк жана кыргыз адабияты, англис тили боюнча 5-9-класстарга арналган.
MEGA24 мобилдик тиркемеси. Анын "Санарип мектеп" бөлүгүндө эфирден чыгарылган видеосабактар жайгаштырылууда. Тиркемени колдонууга окуучулардын интернет трафиги коробойт.
Zoom жана WhatsApp мобилдик тиркемелери. Бул тиркемелер аркылуу мугалимдер окуучулар менен кайтарым байланышты уюштура алышат.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. УКМК мамлекеттик кызматтан жетекчилик орун убада кылып, пара алып жаткан шектүүнү колго түшүрдү. Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
Шектүү башкаларды президентке жана УКМК башчысына жакын киши экенин айтып ишендирген.
“Кармалган адам президент жана УКМК башчысы менен жакын тааныштыгы бар экенин айтып, А.Б.А. аттуу жаранды 15 миң долларга мамлекеттик кызматтагы жетекчи орунга дайындоону убада кылган. Бул үчүн андан алдын ала 1 000 доллар аванс алган”, — деп айтылат билдирүүдө.
Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголду.
УКМК ушундай көрүнүшкө туш келгендерди же күбө болгондорду (0312) 66-00-20 жана (0312) 66-04-75 телефон номерлери аркылуу билдирүүнү өтүнөт.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандын канайымы Айгүл Жапарова “Үмүт — Надежда” реабилитациялык борборуна барды. Анын борборго баргандагы сүрөтү “Тумар” бийчилер тобунун Instagram баракчасына чыккан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Анда Жапарова мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек-бечкек бергени айтылат.
Айгүл Жапарова акыркы жолу жолдошунун инаугурациясында коомчулук алдына чыккан.
Канайым тууралуу кенен маалыматты Sputnik топтогон фактылардан окусаңыз болот.