Бишкекте балдардын искусство мектептери кадимки режимде ишин жандантат

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүОкуучулар сүрөт тартуу сабагында. Архив
Окуучулар сүрөт тартуу сабагында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте балдардын тогуз искусство жана бир көркөм мектеби бар. Сабакта эки-үч гана окуучу болот.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бишкектеги балдардын искусство мектеби офлайн режиминде ишин баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 28-августундагы буйругуна ылайык, аталган мектептердин иштөөсүнө уруксат берилген. Анда санитардык эрежелерин кылдат сактоо талап кылынат.

Бишкекте балдардын тогуз искусство жана бир көркөм мектеби бар. Бул жерде балдар жекече билим алышкандыктан, сабакта эки-үч гана окуучу болот.

Кыргызстанда кинотеатрлар 25-сентябрдан тарта иштеши мүмкүн

Бардык мектептер COVID-19 илдетине каршы каражаттар менен жабдылып, дезинфекция жана желдетүү иштери такай жүргүзүлүп турат.

Буга чейин ата-энелер, балдар жана педагогдор мэрияга кайрылып, аталган мектептердин ишин жандантууну өтүнүшкөн. Алар бала онлайн-окуудан жетиштүү деңгээлде билим ала албай турганын, маселен, музыкалык аспаптын үнү экран аркылуу окуучуга толук жетпей каларын жүйө келтиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0