Премьер-министр Кубатбек Боронов

Боронов: сентябрда эл массалык түрдө оорушу мүмкүн

983
(жаңыланган 15:29 03.09.2020)
Премьер-министр коронавирус пандемиясынын экинчи толкуну болорун эске салып, элдин ден соолугуна кам көрүү зарылдыгын белгиледи.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кафе-ресторандарда куран окутуп, ар кандай мааракелерди өткөргөндөр үчүн жазаны күчөтүү керек. Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында бергенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы адистердин божомолу боюнча коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну 2020-жылдын ноябрь айында болушу мүмкүн экенин эскертти.

"Эгерде элибиз ден соолукка кайдыгер караса, сентябрь айынын аягында массалык түрдө оору капташы ыктымал. Бул коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбашы, кафе жана ресторандарга элдин көп баруусуна байланыштуу. Жарандар куран окутуп, ар кандай салтанаттарды өткөрүп жатышат. Кафе-ресторандардын кожоюндары 3000 сом айып пул төлөп коюп, келгендерди бейкапар эле кабыл алууда. Ресторан бизнеси жапа чегип жатканы түшүнүктүү, бирок биз COVID-19 менен калктын кайрадан массалык түрдө оорушуна жол бербешибиз керек", — деди Боронов.

Министрлик: COVID-19 балдар арасында дагы оор формада өтөрү маалым болду

Премьер-министр тийиштүү түзүмдөргө кафе-ресторандардагы иш-чаралардын өтүүсүн көзөмөлдөөнү, ошондой эле эл көп чогулган жерлерде, транспортто рейддерди күчөтүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы ошондой эле бул багытта аймактарда жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча Республикалык ыкчам штабдын жыйынында күнүгө маалымат берип туруунун зарылдыгын белгиледи.

983
Белгилер:
Кубатбек Боронов, айып пул, чектөө, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2250)
Тема боюнча
Министрлик: COVID-19 балдар арасында дагы оор формада өтөрү маалым болду
Вирус жуктурган медиктер жана өлүм катталган жок. 3-сентябрга карата статистика
Аэропорт Манас жанында кишилер. Архив

"Манас" аэропортундагы узун кезек. Жүргүнчү бүгүнкү окуяны сүрөттөдү

44
(жаңыланган 12:32 27.09.2020)
Аэропорттун маалымат катчысы Алия Курбанова "бир эле эшиктен киргизип-чыгарып жатат" деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунда бүгүн эртең менен жүргүнчүлөрдүн узун кезеги жаралды. Бул тууралуу Facebook баракчасынын "Кара тизме" тайпасына Черик Сыдыков аттуу колдонуучу жазды.

"27-сентябрь. "Манас" аэропорту. Бул жакта башаламандык орун алды. Бир эле эшик ачык. Аэропортко ушул эле эшик менен киргизип-чыгарып жатышат. "1,5 аралыкты сактагыла" дейт. Бир жакка учуп кетчүлөр болсо, аэропортко эртерээк келгиле. Болбосо учакка жетишпей калышыңар ыктымал", — деди Сыдыков.

Ал эми аэропорттун маалымат катчысы Алия Курбанова "бир эле эшиктен киргизип-чыгарып жатат" деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

"Терминалда кирип-чыгуу үчүн өз-өзүнчө эшиктер бар. Ошол эле учурда аэропортко билети бар, бет кап тагынган, уча турчу жүргүнчүлөр гана киргизилет. Алар дезинфекциялоочу тоннелдер аркылуу өтөт. Бул иш-аракеттин баары коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө. Биз адамдарды аралыкты сактоого чакырып жатабыз. Бирок аны баары эле аткарган жок. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү коштоп келгендер да кезекке туруп алган учурлар катталып жатат", — деди Курбанова.

"Манас" эл аралык аэропорту бардык жүргүнчүлөрдү жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерге түшүнүү менен мамиле кылуусун суранып, уча турчуларды аэропорттун аймагына эртерээк келүүгө чакырды.

44
Белгилер:
коронавирус, видео, кезек, аэропорт, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Өзбек авиакомпаниясы Бишкекке каттамдарын 1-октябрдан тарта көбөйтөт
Медициналык кызматкерлер ооруканада. Архив

ДССУ: бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрү катаал карантин киргизүүгө даяр турушу керек

37
(жаңыланган 12:35 27.09.2020)
ДССУ өкүлүнүн айтымында, катуу чектөөлөр болбосо, жакын арада коронавирустан көз жумгандардын саны 2 миллионго жетип калышы ыктымал.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн өкмөттөрү COVID-19дан өлүмдүн саны көбөйүп кетпеши үчүн кайрадан катаал карантин киргизүүгө даяр болушу керек. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өзгөчө кырдаалдар боюнча программасынын жетекчиси Майк Райанга шилтеме берип ВВС жазды.

Райандын айтымында, мындай чектөөлөр болбосо, жакын арада коронавирустан көз жумгандардын саны 2 миллионго жетип калышы ыктымал. Ал жакын арада вакцина чыгарын жана дарылоо ыкмалары бир топ жакшырарын айтып, ошол эле учурда бул нерселер өлүмдүн азаюусуна анча жакшы жардам бере албасын кошумчалады.

ДССУ: коронавирустан дагы миллион адам ажал табышы мүмкүн

"Болгон аракетибизди жумшабасак, тилекке каршы, өлгөндөрдүн саны кескин өсүп кетиши ыктымал”, — деди жетекчи.

Жон Хопкинс университетинин акыркы маалыматына караганда, дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 32,7 миллионго жетти. Алардын арасынан 993 миң киши каза болуп, 22,6 миллион киши сакайды.

37
Белгилер:
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, өлүм, чектөө, карантин, пандемия, коронавирус
Тема боюнча
Коронавирустан айыккандардан жуктургандар көбөйдү. Статистика

Кыргызстан тууралуу тасма эл аралык фестивалда гран-при алды. Видео

0
Тасмада дүйнөдө биринчилерден болуп суу тартыштыгына кептелген Кыргызстан тууралуу баяндалат. Фестивалда Россия, Норвегия, Финляндия жана Швеция режиссерлорунун эмгектери көрсөтүлдү.

Кыргызстандагы суу тартыштыгы тууралуу баяндаган "Вода. Время жажды" даректүү тасмасы “Түндүктүн мүнөзү: green screen" фестивалында гран-при сыйлыгына татыды. Бул тууралуу "Би-порт" сайты жазды. https://b-port.com/news/244843

Режиссер Евгений Безбородовдун тасмасында дүйнөдө биринчилерден болуп суу тартыштыгына кептелген Кыргызстан тууралуу көрсөтүлөт. Автор бүтүндөй адам баласынын көйгөйүн бир өлкөнүн мисалында чагылдырат.

Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасын Netflix чоң акчага сатып алды

Иркутск облустук кинофондунун YouTube-каналында тасманын трейлери жүктөлгөн. Фильм 39 мүнөткө созулат.

"Суунун жаратылышта түбөлүктүү айлануусу. Миңдеген жылдар бою адам бул мыйзам менен жашап келген. Бирок XXI кылымда адам баласы чоң көйгөйгө кептелди. Мөңгүлөрдүн, тоодон аккан таза суунун мекени болгон Кыргызстан суу тартыштыгы менен дүйнөдө биринчилерден болуп жабыркай баштады. Суунун бир тамчысы жана өлкөдөгү көйгөйлөр аркылуу бүткүл адам баласынын трагедиясы көрсөтүлдү”, — деп айтылат сүрөттөмөдө.

Фестивалда Россия, Норвегия, Финляндия жана Швеция режиссерлорунун эмгектери көрсөтүлдү.

“Түндүктүн мүнөзү: green screen" — экологиялык жана социалдык тамсалардын эл аралык фестивалы.

0
Тема боюнча
Кыргыз режиссёрунун "Көл" тасмасы Кытайдагы ири фестивалга чакыруу алды