Күндүзгү стационардагы дарыгерлер. Архив

Боронов: дарыгерлерди экинчи толкунга чейин эс алдырып алышыбыз керек

109
(жаңыланган 15:53 03.09.2020)
Өкмөт башчы учурда вирус азайгандыктан ак халатчандардын эс алуусуна мүмкүнчүлүк берилиши керектигин айткан. Ошондой эле каза болгон медиктердин компенсациясын тездетүү шарт деген.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов медицина кызматкерлеринин түйшүгүн азайтуу маселесин карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Бороновдун айтымында, илдет менен ооругандардын саны азайгандыгына байланыштуу дарыгерлердин иши азайып калды.

"Алардын иш графигин карап чыгып, эс алуусуна мүмкүнчүлүк берүү керек. Эгер экинчи толкун боло турган болсо, дарыгерлер менен медайымдар оор жумушка даяр турушу зарыл. Чарчап турган киши натыйжалуу иштеп, бейтапка жардам бере албайт. Мындан сырткары, мекендештердин өмүрүн сактап калуу үчүн иштеп жүрүп коронавирус инфекциясынан каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө компенсация төлөөнү тездетүү керек", — деди Боронов.

Ошондой эле өкмөт башчы Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигине дарыгерлердин консилиумун жеринен өткөрүү тапшырмасын берген. Мында ар бир бейтаптын башка илдеттер менен ооруганын эске алуу менен жекече мамиле жасалышы шарт.

Вирус жуктурган медиктер жана өлүм катталган жок. 3-сентябрга карата статистика

Андан сырткары, Кавасаки оорусуна каршы күрөшүү боюнча Казакстандын тажрыйбасын өздөштүрүүнү, өлкө аймагына вирус келсе, ага каршы туруу боюнча даярдыкты күчөтүүнү тапшырды.

Коңшу өлкөдө чыгып жаткан Кавасаки синдрому тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев айтып берген.

109
Белгилер:
коронавирус, эс алуу, медик, өкмөт, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2250)
Тема боюнча
Баланын алаканы менен таманы шишийт. Кавасаки синдрому тууралуу эмне билүү керек
Бишкектеги инфекциялык оорукананын корпусу кандай курулууда. Видео
Медициналык кызматкер ооруканада. Архив

COVID: Кыргызстанда 13 киши өтө оор абалда реанимацияда жатат

11
(жаңыланган 12:05 28.09.2020)
Акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID жуктуруп алгандардын саны кайра арбып кетти. Бүгүн, 28-сентябрга карата 104 кишиден вирус табылды.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустан улам 13 киши өтө оор абалда реанимацияда жатат. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Учурда 700 киши аталган инфекциядан ооруканада дарыланууда.

Алардын ичинен:

  • орто оор абалда — 559 бейтап;
  • оор абалда — 119 бейтап;
  • өтө оор абалда — 13 бейтап жатат.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны кайра арбып кетти. Бүгүн, 28-сентябрга карата 104 кишиден вирус табылды.

Ош обулусунда кечээ бир адам көз жумгандыгы кабарланды.

11
Белгилер:
статистика, абал, реанимация, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
ДССУ: коронавирустан дагы миллион адам ажал табышы мүмкүн
Медициналык кызматкер иш учурунда

КРде бир нече аптадан бери алгачкы өлүм катталды. COVID боюнча статистика

45
(жаңыланган 11:41 28.09.2020)
Тилекке каршы, бүгүн Кыргызстанда коронавирустан бир өлүм катталды. Ал эми жуктуруп алгандардын көбү мурдагыдай эле Ош жана Баткен олбустарынан болууда.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 166 бейтап айыкса, 104 кишиден вирус табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 38;
  • Ош шаары– 24;
  • Чүй облусу – 21;
  • Ош облусу – 43;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 5;
  • Баткен облусу – 31.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 19;
  • Ош шаары – 8;
  • Чүй облусу – 6;
  • Ош облусу – 18;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 3;
  • Жалал-Абад облусу – 10;
  • Баткен облусу – 37.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 46 355ке жетти. Анын ичинен 42 919у ооруну жеңди. Тилекке каршы, өткөн суткада бир адам каза таап, илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 1 064тү түздү.

Соңку суткада коронавирустан Ош облусунда бир адам көз жумду

Азыркы учурда стационарда 700 бейтап коронавирустан дарыланып жатса, 1 520 киши медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда.

Бир сутка ичинде эки медик коронавирус жуктуруп алган. Ошол эле учурда үч медик ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылган.

45
Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
ДССУ: бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрү катаал карантин киргизүүгө даяр турушу керек