Транспорт министрлиги ири долбоорлорду ишке ашырууга донор издөөдө

© Sputnik / Жоомарт УраимовТранспорт жана жолдор министрлигинин имараты. Архив
Транспорт жана жолдор министрлигинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин орун басары Талант Солтобаев коронавирус пандемиясы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга терс таасирин тийгизгенин билдирген.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлиги донорлору такталган жана изделип жаткан долбоорлорду тизмектеди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Каржылоо булагы аныкталган долбоорлор:

  • Балбай баатыр — Каракол участкасынын курулуш долбоору;
  • Корумду — Балбай баатыр участкасынын курулуш долбоору.

Донорлор изделип жаткан долбоорлор:

  • Арал — Суусамыр участкасынын курулуш долбоору;
  • Бишкек шаарынын түндүк айланма жолу;
  • Тараз — Талас — Суусамыр унаа жолунун 105-198 чакырымы.

Министрдин орун басары Талант Солтобаев коронавирус пандемиясы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга терс таасирин тийгизгенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0