Колл-борбордун кызматкери. Архив

Онлайн окуу: ата-эне, окуучуларга жардам көрсөтчү ыкчам номерлер жарыяланды

213
(жаңыланган 18:17 03.09.2020)
Аралыктан окутуу учурунда ата-эне, окуучулардын түшүнбөгөн суроолоруна жооп берүү үчүн атайын топтор жана штабдар түзүлгөн.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Дистанттык окутуу мезгилинде пайда болгон ар түрдүү суроолорго жооп берүү, педагогикалык-психологиялык, усулдук жардам көрсөтүү боюнча ыкчам байланыш номерлери иштей баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, ата-эне, окуучулардын түшүнбөгөн суроолоруна жооп берүү үчүн топтор жана штабдар түзүлгөн. Алардын курамына соцпедагогдор, мектептин окуу иштери, тарбия иштери боюнча жетекчинин орун басарлары, класс жетекчилер кирди.

Видеосабактарды кайра кайдан көрсө болот? Керектүү сайттардын тизмеси

Облустук-шаардык штабдардын телефон номерлери

Бишкек шаары боюнча:

  • Гүлмира Акматова — 0312 61393, 0552995542;

Ош облусу боюнча:

  • Гүлмира Турдубаева — 03222 67388;
  • Абдулазиз Арыкбаев — 0773975934;
  • Жамбилия Азимбаева — 0553649444;
  • Бүсалима Алиева — 0777886768;
  • Эңсегүл Ураимова — 0770468381;
  • Чынара Раимбекова — 0773757510;
  • Тынчтыкбек Досмуратов — 0777230286.

Талас облусу боюнча:

  • Табылды Тилекматов — 0776198037;
  • Чолпон Кермалиева — 0770407980;
  • Борончу Өмүрканов — 0772819335;
  • Азия Жаманкулова — 0770654943;
  • Жылдызай Аттокурова — 0773201201;
  • Нурайым Муксумова — 0705078720;
  • Жазгелди Чолпонов — 0704829141;
  • Мукан Өзүбеков — 0222951702.

Баткен облусу боюнча:

  • Исманали Урустамов — 0779518908;
  • Мунарбек Маккамбаев — 0773323009;
  • Гүлнара Караева — 0779819446;
  • Абдилазиз Сарымсаков — 0773751114;
  • Гүлзада Абдикаримова — 0773554777;
  • Назипат Эралиева — 0773099664;
  • Темиржан Каюмова — 0773872240.

Ош шаары боюнча:

  • Бектурсун Көкөнов — 0771 431472;
  • Жамила Токтошева — 0773444701.

Жалал-Абад облусу боюнча:

  • Айылчы Гулатов — 0770474329, 0755111755, 03722 20579.

Чүй облусу боюнча:

  • Венера Эгембердиева — (0312)- 60-95-37, 0772 670435, 0755 670435;
  • Эркинбек кызы Айпери — (0312) 60-95-37; 0705 07-12-80.

Нарын облусу боюнча:

  • Ар түрдүү жардам алуу үчүн:
    03522 5-58-61, 03522 5-52-24, 0707 37 60 31, 0705 68 90 47;
  • Усулдук жардам алуу үчүн:
    0702 71 61 96, 0705 68 90 47, 0709 42 20 80, 0703 63 57 14, 0709 03 89 59.

Ысык-Көл облусу боюнча:

  • Нурлан Урманбетов 03922 51085, 0700640075;
  • Чолпонай Сыдыкова 03922 51084, 0778682771.
213
Белгилер:
окуучу, ата-эне, педагог, мугалим, жардам, окутуу, билим берүү
Тема боюнча
Аралыктан окууда баланын пижамачан отурганы туура эмес. Адистин кеңеши
Шайлоо участогу. Архив

Шайлоо-2020: талапкерлердин бир тобу партиясынан чыгып кетти. Соңку окуялар

258
(жаңыланган 22:06 29.09.2020)
Эки күндүн аралыгында бир партиядан 10 талапкер кетип калды. Шайлоонун чыгымдарына каралган каражат жетпей дагы 1,8 миллион сом бөлүндү.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Парламенттик шайлоого саналуу эле күндөр калды. Sputnik Кыргызстан агенттиги өнөктүк маалында болуп жаткан соңку окуяларды чогултуп окурмандарга сунуштайт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Бул күнү 3 миллион 523 миң 532 шайлоочунун добушун алуу үчүн 16 саясий партия ат салышууда.

Соңку окуялар:

  • Бүгүн вице-премьер, Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Акрам Мадумаров маалымат жыйын өткөрдү. Анда суроого жооп берип жатып "шайлоодон беш-алты партия өтүшү мүмкүн" деген божомолун айтты;
  • Шайлоо өнөктүгү маалында 104 мыйзам бузуу катталып, соттук өндүрүш жүрүп жатат. Анын ичинен 64ү кылмыш, 40ы жорук деп бааланууда;
  • Парламенттик шайлоону өткөрүүгө эсептелген акча жетпей калып, дагы 1 миллион 857,2 миң сом кошулду. Ошону менен депутаттарды шайлоого бюджеттен 449,58 миллион сом сарпталат;
  • БШК дүйнөнүн 31 мамлекетинен келе турчу 24 эл аралык уюмдун өкүлдөрүнөн турган 219 адамды эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөрдү;
  • "Кыргызстан" партиясынын квотасы менен дайындалган Нурбакыт Маматалиев Ош аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн алынып, ордуна Аида Сатыбалдиева келди. Маматалиев өз арызынын негизинде кеткен;
  • Кечээ "Кыргызстан” партиясынын тизмесинен сегиз талапкер чыгарылды. Алар — Азамат Дүйшеев, Алмазбек Дыйканбаев, Данишбек Курманбеков, Каныбек Кубатов, Улук Кыдырбаев, Кубан Мырзаканов, Абдумиталиб Тургунбаев, Космосбек Чыдынов. Шайлоого аз калганда эмнеге партияга кол шилтеп кеткени белгисиз. Өздөрү тизмеден чыгарууну сурап БШКга арыз жазганы айтылат;
  • Бүгүн ЖКнын учурдагы депутаты Алмазбек Токторов БШКга кат түрүндө кайрылып, “Кыргызстан” партиясынан чыгып кетти. Аны менен катар эле дагы бир талапкер, Кудрет Тайчабаров өзүнүн арызынын негизинде тизмеден чыгарылды;
  • “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан үч талапкер — Люшер Мусаев, Нурлан Мамытов, Айтбек Абдысатаров жарыштан четтеди. Партия аларды тизмеден чыгарууну сурап БШКга билдирүү жиберген;
  • “Социал-демократтар” саясий партиясы БШКга кайрылып, тизмесинен төрт талапкерди чыгарды. Алар — Камилла Талиева, Бахадир Маматбуваев, Машхура Самиева, Мамир Заитов;
  • “Мекенчил” партиясынын талапкерлеринин тизмесинен үчөө — Сонунбу Кадырова, Азамат Аспек уулу, Айбек Озокеев четтетилди. Алар да партиянын сунушу менен кетип жатышат;
  • “Афганистан согушунун ардагерлери” партиясынын арызынын негизинде Зарипахон Насирдинова тизмеден чыкканы маалым болду.
258
Белгилер:
чыгым, БШК, чыгаруу, тизме, талапкер, шайлоо
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
Жээнбеков парламентке канча партиянын келишин каалай турганын айтты
Кайсы облуста шайлоочулардын саны көп? Тизме
Бет кап бекер берилет. Шайлоодо COVID-19дан коргонуу алгоритми иштелип чыкты
Учак. Архив

Жээнбеков менен Орбан Бишкек Будапешт авиакаттамын ачууга макулдашты

54
(жаңыланган 21:16 29.09.2020)
Венгриянын премьери эки өлкөнүн байланышы жана достугу туруктуу болушу үчүн түз аба каттамын ачуу зарылдыгын айтты.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда Бишкек — Будапешт маршруту боюнча түз аба каттамын ачуу тууралуу макулдашылды. Бул туурасында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан билдирди.

Белгилей кетсек, учурда президент Сооронбай Жээнбеков аталган өлкөдө расмий сапар менен жүрөт.

“Эгерде байланыштарыбыздын жана достугубуздун туруктуу болушун кааласак, анда биз түз аба каттамын ачуубуз зарыл. Будапешт менен Бишкектин ортосунда сөзсүз түрдө аба каттамы болушу керектигин макулдаштык. Биз юридикалык жана каржылык шарттарды түзөбүз. Каттамдар жакынкы мезгилде ачыларына үмүт кылабыз, — деп айтты Орбан.

Кыргыз-венгер кызматташтыгы боюнча 12 документке кол коюлду. Тизме

Ошондой эле ал Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда көптөгөн маанилүү макулдашууларга кол коюлганын баса белгилеп, мурда эки өлкө ортосундагы байланыштарга талаптагыдай көңүл бурулбаганын белгиледи.

54
Белгилер:
Венгрия, аба каттам, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Европадагы биринчи стратегиялык өнөктөш. Жээнбеков Орбанды Кыргызстанга чакырды
Гимндер жаңырып... Жээнбеков Венгрияда премьер Орбан менен расмий жолукту
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев. Архив

Армения менен Азербайжандын башчылары телеэфирде катуу билдирүү жасашты

0
(жаңыланган 01:15 30.09.2020)
Пашинян жаңжалга Түркиянын аралашканын сындап чыкса, Алиев аталган өлкө Азербайжанга моралдык гана колдоо көрсөтүп жатканын билдирди.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев "Россия 1" телеканалынын "60 минут" программасынын эфиринде Тоолуу Карабахтагы жаңжал тууралуу бири-бирине комментарий беришти.

Маанилүү билдирүүлөрү:

  • Илхам Алиев Азербайжан тараптан 11 жай тургун, анын ичинде эки жаш бала каза таап, аскерлер дагы набыт болгонун билдирди. Мындан улам Баку тийиштүү жооп кайтарганын айтты;
  • Никол Пашинян Түркия Карабахтагы жаңжалга кадимкидей аралашып, жадагалса Түркиянын жогорку даражалуу адамдары аскердик аракеттерди жетектеп турганын билдирди;
  • Алиев Түркия Ереван менен болгон жаңжалга катышып жатканы туурасында маалыматты четке кагып, "фейк" деп атады;
  • Пашинян армян элине коркунуч жаралып жатканын айтып, дүйнөлүк коомчулукту Баку менен Анкаранын аракеттерин талкуулоого жана Түркияны "Түштүк Кавказдан кетүүгө" аргасыз кылууга чакырды.
  • Алиев Армениянын талаптары Карабах боюнча сүйлөшүүгө ылайыксыз деп атады. Ал "Армениянын премьер-министри "Карабах — бул Армения, ошону менен чекит коюлушу керек" деп ачык эле айтууда. Мындай учурда кандай сүйлөшүү процесси тууралуу кеп кыла алабыз?" — деди;
  • Пашинян Карабахтагы жаңжалга түркиялык учактын катышканы көрүнүп турган факт экенин айтты;
  • Алиев Түркия Азербайжанга моралдык гана колдоо көрсөтүп жатканын билдирди.

Кыргызстан Азербайжан менен Армениянын жаңжалы боюнча позициясын билдирди

Карабахтагы жаңжал

27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында аскердик кагылышуулар башталган. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. 28-сентябрь күнү эртең менен эки тараптан тең жүздөгөн аскерлер жарадар жана каза болгону айтылды. Армения өз аймагында аскердик абал жарыялады.

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах Республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

0
Белгилер:
Жаңжал, Тоолуу Карабах, Армения, Азербайжан
Тема боюнча
ЖККУ Карабахтагы абал боюнча тынчсыздануусун айтты. Башкы катчынын билдирүүсү
Карабахтагы абалдын курчушу Кавказдагы чырга Россияны аралаштыруу аракетиндей...