Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

© AFP / Anthony WALLACE Киши кол чатыр менен шамал учурунда. Архив
Киши кол чатыр менен шамал учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шаардыктар менен Чүй облусунун тургундарын сак болууга чакырды. Шамал 4-сентябрга караган түнү да болушу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бишкек шаары менен Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Катуу шамал жакынкы бир саат аралыгында, кечинде жана түндүн биринчи жарымында болушу ыктымал", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ шаардыктар менен Чүй облусунун жашоочуларын сак болууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0