Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү

Башкы прокуратура Атамбаевдин Жаныш Бакиев тууралуу билдирүүсүнө үн катты

737
(жаңыланган 19:43 03.09.2020)
Экс-президент 2012-жылы УКМК Жаныш Бакиевди артка кайтаруу боюнча атайын операцияны пландаганын айтып берген. Көзөмөл орган бул билдирүүгө комментарий берди.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Башкы прокуратура мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин КРдин мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өлкөгө өткөрүү боюнча атайын операция тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди.

Кечээ Атамбаев Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгына байланыштуу өзүнүн сот өкүмү тууралуу билдирүү жасады. Анын айтымында, 2012-жылы УКМК атайын операция аркылуу Жаныш Бакиевди Кыргызстанга алып келүүгө аракет кылган.

Атамбаевди УКМКнын абагында калтырышты

Башкы прокуратура белгилегендей, Жаныш Бакиевди экстрадициялоо маселеси 2002-жылдын 7-октябрындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенциянын (Кишинев конвенциясы) жана кылмыш-процессуалдык мыйзамдардын ченемдери менен гана жөнгө салынат. Тагыраагы, экстрадициялоо үчүн башка негиздер мыйзамда каралган эмес. Ошондуктан көзөмөл органы Бакиевди кайтаруу боюнча атайын операция мыйзамсыз болмоктугун белгиледи.

"Атамбаев мамлекет башчы болуп туруп, тагыраагы, республикадагы эң жогорку кызматта туруп элге берген антын бузуп, материалдык жана башка артыкчылыктарды алуу максатында, мамлекеттик жана сот органдарынын башчылары менен мыйзамсыз байланыш түзүп, Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушун уюштурган жана ишке ашырган. Кылмыш коомдук резонансты жаратып, жарандардын мамлекеттик органдарга карата терс пикирин жараткан", — деп айтылат билдирүүдө.

Прокуратура Атамбаевдин 11 жыл эки айга эркинен ажыратылгандыгын эске салды. Өкүм экинчи инстанцияда күчүндө калтырылды. Көзөмөл органы Жогорку сотко кассациялык сунуш берди.

Башкы прокуратура Жаныш Бакиев өмүр бою эркинен ажыратылгандыгын эске алып, учурда аны Кыргызстанга кайтаруу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

737
Белгилер:
экстрадиция, Башкы прокуратура, Жаныш Бакиев, Алмазбек Атамбаев, УКМК
Тема боюнча
Маркум Камиланын иши боюнча Салянов алып келинбей калабы? Экстрадиция тууралуу
Атамбаевди УКМКнын абагында калтырышты
Премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив

Боронов РФте көпүрө урап жабыркаган мекендештерге жардам берүүнү тапшырды

31
(жаңыланган 10:25 28.09.2020)
Кечээ Москва облусундагы логистикалык ишканада жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан ондогон кыргызстандык жабыркаган.

БИШКЕК, 28-cен. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, көпүрөнүн урашынан жаракат алган мекендештерге жардам көрсөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Россияда кыргызстандыктар жабыркаган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Россиянын Москва облусундагы FM LOGISTIC  логистикалык ишканасында (кампа комплекси) жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан кыргыз жарандары жабыркаганы айтылган. Соңку маалыматтар боюнча, 51 кыргызстандык ар кандай жаракат алган

"Өкмөт башчы элчи Алибек Жекшенкуловго кырсыктан жабыр тарткан мекендештерге медициналык жардам көрсөтүүнү жана аларды ооруканаларга жайгаштырууну тапшырды. Ошондой эле мекендештердин дарылануусун жеке көзөмөлүнө алышы керектигин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Боронов муну менен катар Жекшенкуловго кырсыктын келип чыгышын иликтеген Россиянын укук коргоо органдарынан маалыматтарды байма-бай алып турууну жана алар менен биргеликте иш жүргүзүшү керектигин айткан.

31
Белгилер:
тапшырма, жардам, мекендештер, Аликбек Жекшенкулов, Кубатбек Боронов, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Россияда мекендештерди чек арадан өткөрөм деп алдап кеткен шылуун изделүүдө
Киши көкүрөгүн кармап турат. Архив

Инсульттун көпчүлүк биле бербеген алгачкы белгилери айтылды

97
(жаңыланган 09:59 28.09.2020)
Инсультту алдын алуу үчүн ар дайым кандагы канттын, холестериндин деңгээлин көзөмөлдөн чыгарбоо керек. Ошондой эле кан басымын өз чегинде кармоо зарыл.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Казань медициналык университетинин доценти, неврология кафедрасынын жетекчиси Рустем Гайфутдинов жакындап келе жаткан инсульттун алгачкы жана байкала бербеген белгилерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Адистин пикиринде, инсульттун көпчүлүккө белгилүү беттеги симметриянын жоголушу, сүйлөөнүн бузулушу сыяктуу белгилеринен тышкары төмөндөгүлөргө көңүл буруу зарыл:

  • кан басымынын 220дан жогорулап кетиши;
  • жаак, тил жана манжалардагы сайгылашуу же эч нерсени сезбей калуу;
  • колдордун жакшы иштебей калышы;
  • көздүн көрүүсүнүн начарлашы;
  • баш ооруп, көңүл айнуу.

Ошондой эле инсульт болоруна аз калган кишинин башы айланып, кыймыл-аракети өтө жай болуп калат. Айрым учурда айланадагы нерселер көзгө кош кабат болуп көрүнө баштайт.

97
Белгилер:
оору, белги, инсульт
Тема боюнча
Коронавирустун мээ менен нерв системасына тийгизген таасири ачыкталды
Алайдын тоолору. Архивдик сүрөт

Түндө Алайда жер титиреди

0
(жаңыланган 10:45 28.09.2020)
Жердин титирегени Алай районунун Ачык-Суу, Жайылма жана Кашка-Суу айылдарында сезилген. Андан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Түндө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ кабарлады.

Түндө Таласта кар жаады. Видео

Жер бүгүн, 28-сентябрь күнү, саат 02:32де титиреген. Ал Алай районунун Ачык-Суу, Жайылма, Кашка-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

0
Белгилер:
жер титирөө, ӨКМ, Алай району, Ош
Тема боюнча
Табият албууттанганда. Кыргызстандагы жүрөк үшүн алган жаратылыш кырсыктары