Коронавируска анализ жасоо үчүн алынган үлгү. Архив

КРдеги коронавирус: бир суткада жуктургандар жана айыгып чыккандар

185
(жаңыланган 12:22 05.09.2020)
Республика боюнча коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 44 316га жетти, анын 39 648и айыгып чыкты.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 222 бейтап айыгып, кайра 89 киши жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, сакайгандар төмөнкү аймактарда катталды:

  • Бишкек шаары — 102;
  • Ош шаары — 5;
  • Чүй облусу — 10;
  • Ош облусу — 27;
  • Талас облусу — 4;
  • Нарын облусу — 12;
  • Ысык-Көл облусу — 23;
  • Жалал-Абад облусу — 25;
  • Баткен облусу — 14.

Ал эми оорунун жаңы учурлары болсо төмөнкү жактарда катталды:

  • Бишкек — 14;
  • Ош — 1;
  • Чүй облусу — 9;
  • Ош облусу — 13;
  • Талас облусу — 4;
  • Нарын облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 18;
  • Жалал-Абад облусу — 10;
  • Баткен облусу — 19.

Коопсуздук кеңеши коронавирустун тарап кетишинин себебин иликтеп жатат

Республика боюнча коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 44 316га жетти, анын 39 648и айыгып чыкты.

185
Белгилер:
жуктуруу, айыгуу, бейтап, коронавирус, Кыргызстан
Тема боюнча
РФ, КР жана Арменияга COVID менен оорубагандар үчүн чек араны ачуу сунушталды
Домодедово аэропортундагы жүргүнчү. Архивдик сүрөт

22 миң рубль. Москва Бишкек каттамына авиабилеттердин октябрдагы баасы айтылды

10
(жаңыланган 16:54 22.09.2020)
Туруктуу авиакаттамдар жанданары менен былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу Россиядан Беларуска билет алгандар төрт эсеге, Казакстанга үч эсеге, Кыргызстанга 1,5 эсеге көп болууда.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкек Россиядан аба каттамдарына билет эң көп сатылган 10 шаардын катарына кирди. Бул тууралуу саякат боюнча жазган Туту.ру сайты кабарлап, октябрь айындагы билет баалары жөнүндө маалымат берди.

"Туруктуу авиакаттамдар жанданары менен Беларусь, Казакстан жана Кыргызстанга билет алгандардын саны кескин өстү. Тагыраагы, былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу Беларуска билет алгандар төрт эсеге, Казакстанга үч эсеге, Кыргызстанга 1,5 эсеге көп болууда", — деп айтылат кабарда.

Октябрь айына Москвадан Бишкекке бир билеттин баасы орто эсеп менен 22 миң рублга сатылууда. Октябрь аяктап калганда гана бир аз арзаныраак билет табууга болот. Мисалы, россиялык авиакомпаниялардын бири бир тарапка 13 миң рублга жетип алууну сунуштайт. Бирок Ростов-на-Дону шаары аркылуу келип, ал жерден башка учакка отурууга туура келет.

Өзбекстан 1-октябрдан тарта чек арасын толук ачат

Белгилей кетсек, бул баалар былтыркы жылга салыштырмалуу кымбат. Тагыраагы, пандемияга чейин Москва — Бишкек багыты боюнча бир билет орто эсеп менен 10 миң сомдун тегерегинде сатылчу.

Эске салсак, россиялык "Аэрофлот" компаниясы Москва — Бишкек туруктуу каттамы үчүн билет сата баштаганын билдирген.

10
Белгилер:
баа, авиакаттам, Бишкек, Кыргызстан, Россия, билет, аба каттамы, Москва
Тема боюнча
Бишкек — Москва каттамы жуманын кайсы күнү аткарылары маалымдалды
Ошко Москва шаарынан 148 кыргызстандык учуп келди
Ош облусунун Өзгөн районунда 200 орундуу мектептин курулушу аяктап, ишке берилди

Өзгөндө 200 орундуу мектеп курулуп, пайдаланууга берилди. Сүрөт

20
Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 32 миллион 700 миң сом бөлүнгөн. Мектептин спорт залынын курулуш иштери уланууда.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районунда 200 орундуу мектептин курулушу аяктап, ишке берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

 

  • Церемония открытия новой школы на 200 мест в Узгенском районе Ошской области
    Ош облусунун Өзгөн районунда 200 орундуу мектептин курулушу аяктап, ишке берилди
    © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
  • Церемония открытия новой школы на 200 мест в Узгенском районе Ошской области
    Алча-Башат айылында жайгашкан №86 Кысык-Алма орто мектебинин ачылышына министрликтин статс-катчысы Жапаркул Ташиев катышкан.
    © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
  • Начало строительствановой школы в Узгенском районе Ошской области
    Мындан сырткары, ушул эле райондун Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Т. Оморкулов атындагы мектептин жаңы 150 орундуу имаратынын (спорт залы менен бирге) курулушу башталды
    © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
  • Начало строительствановой школы в Узгенском районе Ошской области
    Аталган мектеп 1990-жылы салынган. Анын 1-корпусу 2015-жылдын 17-ноябрындагы жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келген.
    © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
1 / 4
© Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
Ош облусунун Өзгөн районунда 200 орундуу мектептин курулушу аяктап, ишке берилди

Алча-Башат айылында жайгашкан №86 Кысык-Алма орто мектебинин ачылышына министрликтин статс-катчысы Жапаркул Ташиев катышкан.

 

"Мектептин курулушу 2015-жылы башталып, республикалык бюджеттен 32 миллион 700 миң сом бөлүнгөн. Мектептин ашканасы заманбап талапка ылайык салынган. Компьютердик классы бар. Мектептин спорт залынын курулуш иштери уланууда", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, ушул эле райондун Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Т. Оморкулов атындагы мектептин жаңы 150 орундуу имаратынын (спорт залы менен бирге) курулушу башталды.

Аталган мектеп 1990-жылы салынган. Анын 1-корпусу 2015-жылдын 17-ноябрындагы жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келген. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 54 миллион сом бөлүнгөнү маалым болду.

20
Белгилер:
Билим берүү жана илим министрлиги, курулуш, курулуш материалдары, Өзгөн
Тема боюнча
Министрлик: окуучулар мектепке октябрда барар-барбасы арсар