Чачты үй шартында боёо ден соолукка кооптуубу? Адистин жообу

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүЧачты боёо. Архив
Чачты боёо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар чач боёктогу заттар аны күндө кармап иштегендердин ден соолугуна зыян алып келет деп эсептейт.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Аялдардын чачын үй шартында боёп алышы рак илдетинин пайда болуу тобокелчилигин жогорулатпайт. Бул тууралуу АКШлык окумуштуулардын иликтөөсүнө таянып Medical Xpress басылмасы жазды.

Мындай бүтүм Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун позициясы менен дагы дал келери айтылат. Окумуштуулар чач боёктогу заттар аны күндө кармап иштегендердин ден соолугуна зыян алып келет деп эсептейт.

"Буга чейин айрым окумуштуулар чач боёк аялдардын эмчек, тери жана заара бөлүп чыгаруу системасындагы залалдуу шишиктерге себепкер экенин айтып келишкен. Бирок ушул убакка чейин бир дагы кадыр-барктуу, аты чыккан мекеме боёк менен рактын байланышын далилдеп бере элек", — деп айтылат кабарда.

Өз курагынан өтө жаш көрүнгөн британиялык 53төгү аял арыктоонун сырларын айтты

Иликтөөнүн авторлору АКШнын ар кайсы ооруканаларында иштеген 117 миң медайымдын ден соолугун 36 жыл бою иликтешкен. Жыйынтыгында чачын ар дайым үй шартында боёгон аялдардын ден соолугунда чачын дээрлик боёбогон же адистердин кызматын колдонгондордукунан сезилээрлик айырма табылган эмес.

Бирок адистер бул жаатта дагы иликтөөлөр болорун айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0