2018-жылдан бери канча балага "сүйүнчү" акча берилбей калды? Расмий жооп

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүАял жаңы төрөлгөн бөбөк менен. Архив
Аял жаңы төрөлгөн бөбөк менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикада эки жыл мурун 171 миң 149 бала төрөлсө, 2019-жылы 173 миң 485 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Ал эми быйылкы жылдын алты айында 72 миң 654 эне көз жарган.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. "Балага сүйүнчү" долбоорунун алкагында 2018-жылдан бери 326 миң 671 балага акча берилгендигин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат катчысы Кымбат Кадыралиева билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдын башынан 2020-жылдын 1-сентябрына чейин "балага сүйүнчү" төлөмүнүн негизинде республикалык бюджеттен 1 миллиард 459 миллион 995 миң 350 сом акча каражаты каралган.

Сүйүнчү акча бир айда эмес, бир жумада берилип жатат. Жөлөк пул тууралуу

Электрондук саламаттык сактоо борборунун тастыктоосу боюнча, 2018-жылы өлкөдө 171 миң 149 бала төрөлсө, былтыр 173 миң 485 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Ал эми быйылкы жылдын алты айынын эсеби менен 72 миң 654 эне көз жарган.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, "Балага сүйүнчү" долбоору ишке киргизилгенден баштап 90 617 ата-эне наристеси үчүн каралган каражатты алган эмес. Министрликтин айтымында, буга ата-энелердин арыз жазбаганы себеп болушу мүмкүн.

"Балалуу болгон ата-энелер алты ай ичинде сүйүнчү төлөмүн алуу боюнча калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абал актыларын каттоо органына (ЗАГС) арыз менен кайрылуусу кажет. Ал үчүн ата-энесинин биринин паспорту жана ымыркайдын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү талап кылынат. Калкты тейлөө борборлоруна келип түшкөн арыздар бизге жиберилет. Биз кайрылгандардын бардыгына сүйүнчү акчасын кечиктирбей, аз убакыттын ичинде төлөп беребиз", — деди Кадыралиева.

Ошондой эле арыз менен бирге төмөнкү документтерди кошо тиркөө зарыл:

  • арыз ээсинин паспорту;
  • баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • банктагы эсеби жөнүндө маалымат;
  • арызды камкорчу адам тапшырса, балага камкорчу дайындоо жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү керектелет.

Эгер арыз менен кайрылман барса, анда кайрылман деген күбөлүгүн көрсөтүү зарыл болот.

"Балага сүйүнчү" төлөмү боюнча долбоор 2018-жылдын 1-январынан тартып ишке кирген. Анын өлчөмү ар бир балага — 4 000 сом.

Алгач сүйүнчү акчаны алуунун жол-жобосу ата-энелерди нааразы кылса, кийин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан жөнөкөйлөштүрүлүп, айрым документтер кыскартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0