Жаштык жана сулуулукту көпкө сактоочу азык айтылды

© Depositphotos.com / Dimabl Пляжда турган сулуу кыз. Архив
Пляжда турган сулуу кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жемиш кислоталары ашказан зилин иштеп чыгууга өбөлгө болуп, ошондой эле ичеги-карындын туура иштешин шарттайт.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Ананас адамдын тишин, сөөктөрүн, чачын жана тырмактарын жакшы сактайт. Бул тууралуу Сеченов университетинин персоналдаштырылган медицина институтунун ден соолукту башкаруу клиникасынын диетолог-дарыгери Наталья Пугачева айтканын РИА Новости жазды.

Анын пикиринде, ананасты курамында кремний бар болгону үчүн жаштык жана сулуулук азыктарына кошууга болот. Жемиш, мындан сырткары, марганецке бай, ошонун эсебинен кандагы глюкоза тийиштүү деңгээлде кармалып турат.

Адис белгилегендей, ананас антиоксиданттык жана сезгенүүгө каршы касиеттерге ээ. Бромелаин деп аталган фермент белокту аминокислоталарга бөлүп, тамак сиңирүүнү жакшыртууга жардам берет. Жемиш кислоталары ашказанда зил иштеп чыгууга өбөлгө болуп, ошондой эле ичеги-карындын туура иштешин шарттайт.

Дарыгер иммунитетти көтөрүүдө сарымсак менен имбирдин маанисин айтты

Диетолог күнүнө жаңы үзүлгөн ананастан 200 грамм жеп туруу же 200 миллилитр ширесин ичүү жетиштүү экенин кошумчалады. Дарыгер ошондой эле ананас менен маринаддалган этти сиңирүү оңой экендигин белгилейт. Бирок бул азыкты ашказанда жарасы бар адамдар көп пайдаланбашы керек. Мындан сырткары, ананастын курамында көп кумшекер бар экени да кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0