Офис кызматкерлери. Архив

Кызматтык этикетте пандемиядан улам пайда болгон 6 эреже

208
(жаңыланган 18:39 05.09.2020)
Sputnik Кыргызстан "Этикет" рубрикасынын алкагында коомдук жайларда жана ар кыл жагдайда өзүн татыктуу алып жүрүүнүн эрежелери менен тааныштырат.

Бүгүн пандемия адамдардын жүрүм-турумунда эмнени өзгөртүп, кызматтык этикетке кандай жаңычылдык киргизгенин сөз кылабыз. Анткени дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы карантиндик чектөөлөр кыскартылып, аралыктан иштеп жаткан жамааттар кеңсеге кайтып калышты. Акырындык менен мурдагыдай эле кызматтык жолугушуулар дагы калыбына түшүп келе жатат.

Бирок вирус жоголуп кеткен жок, демек, сактануу керек. Ошондой эле өз саламаттыгына өзгөчө жоопкерчиликтүү мамиле кылган кесиптештерге жаман көрүнбөш үчүн жаңы эрежелерди кармануу шарт. Алар тууралуу этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берди.

Баш ийкеп, жылмайып коюу жетиштүү

Албетте, карантинде отуруп айрым кесиптештерди сагынып калдыңыз. Же иш боюнча жолуккан кишинин, бизнес өнөктөштүн колун катуу кысып учурашкыңыз келет, бирок азыр андайдын зарылдыгы жок. Жөн гана баш ийкеп, кубанычыңызды сөз менен же жымаюу менен жеткирсеңиз болот. Мурдагыдай кучакташып, эки бетинен эки өөп учурашуу кайсы гана жерде болбосун өөн көрүнөт. Албетте, мунун баары убактылуу, бирок чыдап туруу керек.

Жоголуп кетпей, жооп бер. Дистанттык түрдө иштеген жамааттагы этикет

Оорусаңыз ишке жолобоңуз

Мурда деле мындай эреже бар эле. Бирок зарыл иш болгон учурда грипп болгонуна карабай, бет кап кийип иштей бергендер аз эмес болчу. Азыр анте көрбөңүз. Сизде эч кимге жукпачу аллергия болсо дагы чүчкүрүп-бышкырып отурган кишини өзгөчө азыр эч ким жактырбайт. Жаман көрүнөсүз, тил угасыз.

Гигиеналык каражаттар

Бет кап, антисептикалык каражаттардын дайыма жаныңызда болгону жакшы. Көптөгөн мекемелер азыр бет капсыз киргизбейт, ыңгайсыз абалда калбаңыз. Ошондой эле чүчкүрүп же жөтөлүп калсаңыз, оозду жаба турган жүзарчы ала жүрүңүз.

Үйдө отуруп иштөө тажаттыбы? Адистин кеңеши

Бирөөдөн сагыз сурабаңыз

Мурда бирөөдөн сагыз сурап чайноо же жаныңда отурган кишиге сумкадагы момпосуйдан бөлүшүп коюу көнүмүш адат болсо, азыр баары башкача. Айрым адамдар чындап эле вирустан өтө чочулап жүрүшү мүмкүн. Андай учурда сиз сунуштаган таттуулар маанайын көтөрбөй эле, тетиринче, чочулатат. Сиз менен жанындагы тамак-ашын бөлүшпөгөн кесиптешке дагы таарынбаңыз.

Визитка

Вирусту жугузуп алуудан корккон айрым адамдар мурдагыдай визитка алмашуудан дагы баш тартып жаткан учурлар бар.

Сындан алыс болуңуз

Карантин учурундагы стресстик абалдан же жөн гана кыймылдын аздыгынан бир топ салмак кошуп алгандар бар. Же үйдө отурам деп өзүн таштап коюп, жүдөй түшкөндөр болот. Буга өздөрү кыжырланып, ыңгайсыз абалда жүрүшү мүмкүн. Андыктан дене боюнда же келбетинде кескин өзгөрүү болгон кесиптештерге сынтага көрбөңүз. Мамилени бузуп аласыз.

208
Белгилер:
кесиптеш, гигиена, өзгөрүү, пандемия, этикет
Тема:
Өзүн алып жүрүүнүн эрежеси (41)
Тема боюнча
Ээн-эркин чүчкүрө албай... COVID кызматтык этикетти өзгөрттү
Бирөөнүн телефонун шыкаалаба! Кезек күтүү этикети
Медициналык кызматкер COVID-19 менен оруган бейтаптын рентген сүрөтүн карап турат. Архив

Окумуштуулар коронавирустун негизги “амалын” аташты

9
(жаңыланган 11:59 27.09.2020)
Адистер буга чейин башка илдеттерди дарылап келген синтетикалык интерферон эми коронавирус менен күрөшүүдө дагы таасирдүү болорун айтышат.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Коронавирустун негизги “амалкөйлүүлүгү” — организмге түшөрү менен анын вирустарга каршы реакциясын жайлатып койгонунда. Мындай бүтүмгө америкалык вирусолог Шэйн Кротти келгенин жергиликтүү ЖМКга шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Вирус организмдин алгачкы реакциясын начарлатуу менен утушта болот. Анткени коронавирус организмге түшкөндөгү негизги душманы болуп эсептелген интерферон заты жакшы иштебей калат. Тагыраагы, вируска каршы турчу эң маанилүү учурда иммунитет жооп бере албайт”, — деди адис.

Коронавирустун белгилери байкалса кайда кайрыласыз? Министрликтин жообу

Буга чейин деле окумуштуулар интерферон жетишпеген адамдарда COVID-19 оорураак өтөрүн айтып келишкен. Андыктан адистер буга чейин башка илдеттерди дарылап келген синтетикалык интерферон эми коронавирус менен күрөшүүдө дагы таасирдүү болорун айтышат.

9
Белгилер:
иммунитет, дары, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Вирусолог: пандемияны биринчи, экинчи толкун деп бөлүүнүн кажети жок
Украинадагы кулаган учактын кырсыгы

Кулаган учактан аман калган курсанттын атасы: мен дагы үч жолу кырсыктагам

23
(жаңыланган 11:26 27.09.2020)
25-сентябрь күнү кечинде Украинанын Харьков облусунда аскер учагы кулап, борттогу 27 кишинин ичинен бир гана курсант аман калган.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Украинадагы учак кырсыгынан аман калган курсанттын атасы Виталий Золочевский дагы үч ирет учак кырсыгына кабылган. Бул тууралуу "Сегодня" басылмасына өзү билдиргенин "Известия" жазды.

Эске салсак, 25-сентябрь күнү кечинде Украинанын Харьков облусунда аскер учагы кулаган. Борттогу 27 кишинин ичинен бир гана курсант аман калган.

"Мен дагы буга чейин үч ирет учак кырсыгына кабылгам. Балам да эсен калды. Бул — атасынын уулу дегенди түшүндүрөт", — деди Золочевский.

Ал учак кырсыгынан баласы болгону этин оорутуп алганын кошумчалаган.

Украинада аскер учагы кулады. 23 адамдын өмүрүн алган кырсыктын видеосу

"Баары эле уулумду учактан секирип кеткен деп айтышууда. Бирок чындыгында андай болгон эмес. Ал катуу басымдан ыргып кеткен. Мен билгенден ал досун куткарууга аракет кылган", — деди ал.

Маалым болгондой, кырсыктаган аскер учагынын ичинде 27 киши болгон. Анын жетөө экипаж мүчөлөрү, 20сы аскер-аба күчтөрүнүн Харьков улуттук университетинде билим алган курсанттары эле.

Аман калган курсант учурда ооруканада жатат.

23
Белгилер:
ата, курсант, окуя, кырсык, учак, Украина
Тема боюнча
38 адам жер алдында калган. Жер көчкүгө күбө болгон өзгөндүк Калдыбаевдин маеги